Аймак

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА ТАРАБЫНАН УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЧАРАЛАРЫ КӨРҮЛҮҮДӨ

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА ТАРАБЫНАН УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЧАРАЛАРЫ КӨРҮЛҮҮДӨ

 330 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Ү.Конкубаева Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун  Бишкектеги кеңсесинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

КРдин Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдиргендей,  аталган жолугушууга ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин адам укуктары департаментинин башчысы Кристофер Блэр, укуктун үстөмдүгү боюнча улуттук координатору Бермет Акимканова жана улук программалык ассистенти Султан Баймендиевдер катышты.

Башкы прокуратура тарабынан санариптештирүү боюнча алгылыктуу жетишкендиктер көрсөтүлүп, үстүбүздөгү жылдын кызматташуунун жыйынтыктары жана келе жаткан жылга карата пландаштырылган иш-чаралар жөнүндө айтылды. Анын ичинде Башкы прокуратуранын артыкчылык багытынын бири – “Электрондук иш” долбоорун өнүктүрүү жана ага байланышкан соттук-медициналык экспертиза, издөө, буюм далилдер модулдарды иштеп чыгуу, ошондой эле, электрондук жана графикалык кол тамгаларды ишке киргизүү белгиленди.

Жолугушуунун натыйжасында, Башкы прокуратура менен ЕККУ ортосунда укук коргоо органдарынын санариптештирүү процесстерин мындан аркы өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын планы макулдашылды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17