Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
304 Бардыгы / Жарандык авиация агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Данияр Бостонов «Ош» Эл аралык аэропорту алдыңкы беш жыл аралыгында эч жакка жылдырылбай тургандыгын шарданы кылды. Бул туурасында ал Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 18-июндагы отурумунда билдирди. Жогорку Кеёеш депутаты Улукбек Ормонов экинчи борбор калаадагы аба майдан качан жылдырылаарын сураштырды. Ал жаңы […]
305 Бардыгы / Жарандык авиация агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Данияр Бостонов «Ош» Эл аралык аэропорту алдыңкы беш жыл аралыгында эч жакка жылдырылбай тургандыгын шарданы кылды. Бул туурасында ал Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 18-июндагы отурумунда билдирди. Жогорку Кеёеш депутаты Улукбек Ормонов экинчи борбор калаадагы аба майдан качан жылдырылаарын сураштырды. Ал жаңы […]
ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ АГЕНТТИГИ: “ОШ” АЭРОПОРТУ БЕШ ЖЫЛГА ДЕЙРЕ ЭЧ ЖАККА ЖЫЛДЫРЫЛБАЙТ
19.06.2024 / Автор anarkan_kg306 Бардыгы /
Жарандык авиация агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Данияр Бостонов «Ош» Эл аралык аэропорту алдыңкы беш жыл аралыгында эч жакка жылдырылбай тургандыгын шарданы кылды. Бул туурасында ал Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 18-июндагы отурумунда билдирди.
Жогорку Кеёеш депутаты Улукбек Ормонов экинчи борбор калаадагы аба майдан качан жылдырылаарын сураштырды. Ал жаңы аэропорт курулчу жерди Президент Садыр Жапаров көрүп кеткендигин, чечим кабыл алынса эле аткарыла турган иш экендигин баса белгиледи. Ал эми Данияр Бостонов бул маселе жаатында Президенттин администрациясы менен макулдашуу болгондугун, аларда азырынча аба майданды жылдырбай туруу боюнча кат бар экендигин кошумчалады. Ал мунун чоо-жайын кенен-чонон түшүндүргөн жок.
Баса, Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 1-майында Ош жана Жалал-Абад шаарларына сапарлап, жаңы аэропорттор курула турган жер тилкелерин көрүп чыккан эле. Анда аба майдандан башка жакка жылдырылып, алардын ордуна аэропорттордун ордуна заманбап турак жайларды куруу планы айтылган. Курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген ипотека менен берилери кабарланган.
Ушул таптагы «Ош» эл аралык аэропортунун аймагынын жалпы аянты 168 гектарды жана “Жалал-Абад” аэропортунун аймагынын жалпы аянты 78,2 гектарды түзөт. «Ош» Эл аралык аба майданы – Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт. Анын имараты 1974-жылы курулган жана анда 900дөн ашык киши иштейт. Аэропорт жумасына 160ка жакын каттамды уюштурат. Азыркы аэропорт Ош шаарынан 9 чакырым алыстыкта жайланышкан.
Жаңы аэропортту Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр жана Мады айылдарынын аймагындагы тилкеге куруу пландаштырылып жаткан. Ал эми «Жалал-Абад» аэропорту ички каттамдарды гана жүзөгө ашырат. Анда акыркы жолу 2018-жылы оңдоп-түзөө иштери жүргөн.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
16.05.2025 / Автор anarkan_kg ЭНЕЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
-
09.06.2025 / Автор anarkan_kg БИШКЕК-БАЛЫКЧЫ БАГЫТЫНДАГЫ ЖОЛ КООПСУЗДУГУНА КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨТҮЛӨТ
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН СЕРТИФИКАТКА” ЭЭ БОЛГОН ЖАНА АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.