Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЧЕК АРАДА ЖҮРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛДҮ
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
292 Бардыгы / Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев алты айдын жыйынтыгын чыгарган атайын жыйында Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы «Жер коррупциясын» абдан катуу сынга алды. Ал жыйынга жер боюнча ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалган район акими Темирболот Абыкеев өзү дагы катышты. Ош облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев жер тилкелери жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн менчиги эмес экендигин […]
293 Бардыгы / Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев алты айдын жыйынтыгын чыгарган атайын жыйында Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы «Жер коррупциясын» абдан катуу сынга алды. Ал жыйынга жер боюнча ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалган район акими Темирболот Абыкеев өзү дагы катышты. Ош облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев жер тилкелери жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн менчиги эмес экендигин […]
ЭЛЧИБЕК ЖАНТАЕВ КАРА-СУУДАГЫ «ЖЕР КОРРУПЦИЯСЫН» КЕСКИН СЫНДАДЫ
31.07.2024 / Автор anarkan_kg294 Бардыгы /
Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев алты айдын жыйынтыгын чыгарган атайын жыйында Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы «Жер коррупциясын» абдан катуу сынга алды. Ал жыйынга жер боюнча ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалган район акими Темирболот Абыкеев өзү дагы катышты.
Ош облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев жер тилкелери жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн менчиги эмес экендигин баса белгилеп, жер тилкелери тургундарга адилеттүү гана бөлүштүрүлүшү зарылчылыгын өтө катуу эскертти..
– Коррупция маселеси мына Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылындагы болуп жаткан окуя! «Жерди трансформация кылып, элге бекер бергиле?!?» деген нерсенин тегерегинде акча болуп жатат, тилекке каршы. Мына бүгүнкү күндө силер жер таратып жатасыңар. Бирок бергенде өзүнөргө ылайык жобо бар, урматтуу жергилктүү бийлик! Ошол жобонун негизинде муктаждарды гана аныктап, андан ары ачык бергиле? Жең ичинен сүйлөшүүлөр менен, тааныш-туугандарды аралаштырбагыла?!? Бул – жер силердин менчигиңер эмес! Камчыбек Кыдыршаевич катуу эскертип кетпедиби. Ал жыйында болсоңор керек! – деп тызылдады Ош облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ушул жылдын 26-июлунда Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеевдин кармалышы боюнча түшүндүрмө берип, ал ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалгандыгын ачыктаган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Кара-суу районундагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүүдө аким Темирболот Абыкеевдин катыштыгы бар экендиги жана териштирүү маалында анын ири өлчөмдө акча алгандыгы дагы аныкталган.
Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеевдин УКМКнын Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгына суракка чакырылып, андан соң кармалган. Ош облустук сотунун басма сөз кызматы Абыкеевдин бөгөт чарасы Ош шаардык сотунда 23-июлда каралып, аны тилкат менен гана бошоткондугун билдирген. Ал эми Абыкеевдин өзү жеке кармалышы боюнча комментарий бере элек. Анткени, ушул жылдын 19-июлунда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунда элге деп бөлүнгөн 138 гектарга байланыштуу маселе көтөрүп, жер тилкелери сатылып жаткандыгын шардана кылган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
14.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
-
-
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg КАРА-КУЛЖАДА ТАР ДАРЫЯСЫНА КУЛАГАН БАЛАНЫ ДАГЫЛЕ ИЗДЕП ЖАТЫШАТ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.