Аймак

ДЕМ БЕРҮҮЧҮ ГРАНТТЫН ЭСЕБИНЕН ОШ ОБЛУСУНА ТОГУЗ АЙДА 122,9 МИЛЛИОН СОМ АЖЫРАТЫЛДЫ

ДЕМ БЕРҮҮЧҮ ГРАНТТЫН ЭСЕБИНЕН ОШ ОБЛУСУНА ТОГУЗ АЙДА 122,9 МИЛЛИОН СОМ АЖЫРАТЫЛДЫ

 6 Бардыгы /

        Үстүбүздөгү жылдын 9 айына карата Ош облусуна дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 122,9 миллион сом ажыратылды.

        Каржы министрлигинен билдиришкендей, бул суммага жалпы жонунан 79 долбоор каржыланды:

  • Кара-Кулжа районунун – 12 обьектисине 24,1 миллион сом;
  • Араван району – 7 обьектиге 10,5 миллион сом;
  • Кара-Суу району – 15 обьектиге 21,7 миллион сом;
  • Ноокат району – 15 обьектиге 15,5 миллион сом;
  • Алай району – 4 обьектиге 8,8 миллион сом;
  • Өзгөн району – 20 обьектиге 32,6 миллион сом;
  • Чоң-Алай району – 6 обьектиге 9,7 миллион сом.

Баса, булардын арасынан:

  • 24 мектепке – 37,2 миллион сом;
  • 30 инженердик-коммуникациялык инфраструктура обьектилерине – 45 миллион сом;
  • 8 спорттук курулуштарга – 13,9 миллион сом;
  • 3 маданий маанидеги обьектилерге – 3,5 миллион сом;
  • 14 бала бакчага – 23,3 миллион сом бөлүштүрүлдү.

        Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17