Аймак

АКЫН ОЛЖОБАЙ ШАКИР БОШТОНДУККА ЧЫГАРЫЛДЫ

АКЫН ОЛЖОБАЙ ШАКИР БОШТОНДУККА ЧЫГАРЫЛДЫ

 6 Бардыгы /

Жазуучу, журналист жана жарандык активист Олжобай Шакирдин бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку сот Олжобай Шакирди3 жылдык мөөнөткө пробация колдонуу менен эркиндикке чыгарды. Анткени, ушыл жылдын 14-майында Чүйдүн Аламүдүн райондук соту акынды Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандыктарга чакырык) боюнча күнөөлүү деп таап, аны беш жылга эркинен ажыратуу чечимин жарыялаган.

Ал эми Чүй облустук соту ушул жылдын 5-июнунда биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Олжобай Шакир 2023-жылдын 24-августтунда УКМК тарабынан кармалып, дароо камалган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17