Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
16 Бардыгы / Бүгүн, 18-апрелде Кочкор-Ата шаарында “Кыргызнефтегаз” ААКтын акционерлеринин жалпы жылдык жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди. Жыйынга мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин өкүлдөрү, мекеменин директорлор кеңешинин мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өндүрүштүк мекеменин жетекчилиги жана акционерлер катышты. Маалым болгондой, чогулуштун жүрүшүндө башкармалыктын төрагасынын өткөн жыл ичи аткарган жумуштарынын жыйынтыгы кабыл […]
17 Бардыгы / Бүгүн, 18-апрелде Кочкор-Ата шаарында “Кыргызнефтегаз” ААКтын акционерлеринин жалпы жылдык жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди. Жыйынга мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин өкүлдөрү, мекеменин директорлор кеңешинин мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өндүрүштүк мекеменин жетекчилиги жана акционерлер катышты. Маалым болгондой, чогулуштун жүрүшүндө башкармалыктын төрагасынын өткөн жыл ичи аткарган жумуштарынын жыйынтыгы кабыл […]
“КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ” ААКтын АКЦИОНЕРЛЕРИНИН ЖАЛПЫ ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ
18.04.2025 / Автор anarkan_kg

18 Бардыгы /
Бүгүн, 18-апрелде Кочкор-Ата шаарында “Кыргызнефтегаз” ААКтын акционерлеринин жалпы жылдык жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Жыйынга мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин өкүлдөрү, мекеменин директорлор кеңешинин мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өндүрүштүк мекеменин жетекчилиги жана акционерлер катышты. Маалым болгондой, чогулуштун жүрүшүндө башкармалыктын төрагасынын өткөн жыл ичи аткарган жумуштарынын жыйынтыгы кабыл алынып, 2025-жылга карата бюджет, иш пландар бекитилди.
«Кыргызнефтегаз» ААКтын башкармалыгынын башчысы Нургазы Нишановдун айтымында өткөн 2024-жылы план боюнча 45 320 погондук метр бургулоо ниеттелген, иш жүзүндө 51 986 погондук метр бургуланды. 28 жаңы скважина бургуланган. Анын ичинде 25 мунай жана 3 газ скважинасы бар.
Ал эми газ өндүрүүдө план 113 %га аткарылды. Тактап айтканда, 2024-жылы 25 миллион м3 жаратылыш газын өндүрүү пландалса, иш жүзүндө 28,2 миллион м3 газ өндүрүлгөнүн белгилеп өттү.
Мындан сырткары Н.Нишанов былтыркы жылы мекеменин эсебинен 166,8 млн сом акча каражаты бөлүнүп, 50 өндүрүштүк жана социалдык объектилерде капиталдык курулуш иштери жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
Кыргыз футбол биримдигинин көрсөтмөсү менен Кочкор-Ата шаарындагы «Нефтчи» стадиону толук реконструкциялоодон өтүп, заманбап шарттар жаратылды. Ага удаа эле Базар-Коргон районунун Арстанбап айылындагы “Зорька” балдар лагериндеги заманбап 6 коттедждин курулушу болду.
Өндүрүштүк мекемеде иштин басымдуу бөлүгү техникага байланыштуу болгондуктан, 2024-жылы АПРС-40 подъемник, ЗЖ-40 бургулоочу станогун, “JAK” үлгүсүндөгү 2 жүк көтөргүч унааларын жана башка атайын техникалар сатылып алынган. Мунай өндүрүүдө аталган техникалардын орду чоң. Учурда ишканада 7 бригадалык топ бургулоо иштерин жүргүзүүдө.
Сөз болуп жаткан ишкана 2024-жылды жакшы киреше менен аяктаган. Консолидацияланган таза киреше 2 миллиард 854 миллион сомду түзгөн.
“Кыргызнефтегаз” ААКты былтыр мамлекеттик бюджетке 1 миллиард 720 миллион сом төлөгөн.
Өлкө башчысы С. Жапаровдун Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү«Кыргыз Петролеум Компани» ЖЧКтын жаңылоо боюнча койгон тапшырмасына ылайык былтыркы жылы мекеме өздүк каражатынан 904,2 миллион сом же болбосо 10,1 миллион АКШ долларын бөлүп берген. Ал эми Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансы-кредиттик фондунан 1 миллиард 830 миллион сом же 21,1 миллион АКШ доллары демөөрчүлүк катары бөлүнгөн. “СПЭК Инжиниринг” компаниясынан -17,9 млн. доллар каржыланды. Жалпысынан 2024-жылы долбоорду каржылоого 49,3 миллион АКШ доллары бөлүнүп, ушул тапта реконструкциялоо жумуштары жүрүп жатат. Анын сметалык баасы 410 млн долларды түзөт.
Заводдогу модернизациялоо жумуштары аягына чыкса АИ 95 маркасындагы бензин, дизилдик отуну жана башка продукциялар иштелип чыгып, өлкө аймагын арзан, сапаттуу күйүүчү, майлоочу май менен үзгүлтүксүз камсыздоого шарт жаралат.
Мындан сырткары өндүрүштүк мекеме Кочкор-Ата шаарындагы социалдык маселелерди өз каражатынын эсебинен чечип келет, тагырагы былтыркы жылы жалпысынан 98,6 млн.сомдук каражат жумшалган. Андан сырткары калаадагы ичүүчү таза суу долбоору боюнча мекеменин эсебинен 71,8 млн сом каражат сарпталган.
Жыйындын соңунда мекенин 2025-жылга карата иш пландары түзүлүп, өткөн жылдагы аткарылган иштердин жыйынтыгы кабыл алынды.












Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
07.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН ЭҢ АЛЫСКЫ КОНУШТАРЫНДА КӨЧМӨ КЛИНИКА ИШКЕ КИРИШТИ
-
18.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖКККББ: КАЙДЫГЕР БОЛБОЙ, КАЙРЫМДУУ БОЛОЛУ
-
27.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО ЭКИ ЖЕРДЕН ӨРТ ЧЫГЫП, ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.