Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1 Бардыгы / Жалал-Абад облусунун Аксы районунда райондук сот үчүн жаңы административдик имараттын курулушу башталды. Анын пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи өткөрүлдү. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова, Аксы райондук сотунун төрагасы Азат Доулбеков, Аксы районунун акими Азамат Намазалиев, […]
2 Бардыгы / Жалал-Абад облусунун Аксы районунда райондук сот үчүн жаңы административдик имараттын курулушу башталды. Анын пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи өткөрүлдү. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова, Аксы райондук сотунун төрагасы Азат Доулбеков, Аксы районунун акими Азамат Намазалиев, […]
АКСЫ РАЙОНДУК СОТУНУН ЖАҢЫ ИМАРАТЫНЫН ПАЙДУБАЛЫНА МЕЗГИЛ КУТУСУ САЛЫНДЫ
13.08.2026 / Автор anarkan_kg3 Бардыгы /
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда райондук сот үчүн жаңы административдик имараттын курулушу башталды. Анын пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи өткөрүлдү.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова, Аксы райондук сотунун төрагасы Азат Доулбеков, Аксы районунун акими Азамат Намазалиев, Кербен шаарынын мэри Жаныш Раимжанов, ошондой эле мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын жетекчилери, судьялар, сот тутумунун кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев сот системасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо сот реформасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөнүн аймактарында жаңы сот имараттарын куруу жана учурдагы имараттарды заманбап талаптарга ылайык жаңылоо боюнча иштер жүргүзүлүп келет.
Бул аракеттер сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга, судьялар жана сот аппаратынын кызматкерлери үчүн татыктуу эмгек шарттарын түзүүгө, ошондой эле жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.
Медербек Сатыев жаңы имарат Аксы райондук сотунун ишин заманбап шартта уюштурууга мүмкүнчүлүк түзүп, сот процесстерин өткөрүү жана жарандарды кабыл алуу үчүн зарыл шарттарды камсыздай турганын айтты.
Ошондой эле ал сот имараты жөн гана административдик объект эмес, мыйзамдын үстөмдүгүн, адилеттүүлүктү жана адам укуктарын коргоону камсыз кылган мамлекеттик институттун символу экенин белгиледи.
Өз кезегинде Аксы районунун акими Азамат Намазалиев жаңы сот имаратынын курулушу аймакта мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана жарандар үчүн сапаттуу сот адилеттигин камсыз кылууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Иш-чаранын соңунда Медербек Сатыев, Азамат Намазалиев жана башка катышуучулар жаңы административдик имараттын пайдубалына мезгил кутусун салышты.
Жаңы имарат Аксы райондук сотунун толук кандуу иш алып баруусу үчүн бардык зарыл шарттарды камтыйт.
Учурда сотто 3 судья, сот аппаратынын 10 кызматкери, 6 кенже тейлөөчү персонал жана 6 сот приставы эмгектенет.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
13.08.2026 / Автор anarkan_kg “САРЫ-ЧЕЛЕК” КОРУГУНДА ЖАҢЫ ӨТКӨРМӨ ПУНКТТУН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
-
-
-
03.09.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН АТЫ МАНАС ШААРЫ БОЛУП ӨЗГӨРӨТ
-
25.09.2025 / Автор anarkan_kg ЧАТКАЛДА ЖАҢЫ ФЕЛЬДШЕРДИК-АКУШЕРДИК ПУНКТ АЧЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.