Аймак

МАНАС ШААРЫНДА СОЦИАЛДЫК КОРГОО ЖАНА КЕСИПТИК БИРЛИКТЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

МАНАС ШААРЫНДА СОЦИАЛДЫК КОРГОО ЖАНА КЕСИПТИК БИРЛИКТЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 19-октябрда Манас шаарында Социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Манас шаарынын мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Манас шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков жана коноктор катышты.

Шаар мэри Уларбек Исмаилов кесип ээлерин куттуктап, алардын ишинин артында адам тагдыры, үй-бүлөлөрдүн бакубат жашоосу, улуу муундун кадыр-баркы жана өзгөчө колдоого муктаж жарандардын үмүтү турарын белгилеп, бир катар кызматкерлерге Манас шаарынын мэриясынын «Алкыш баракчаларын» жана «Ардак грамоталарын» тапшырды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17