Аймак

ОШТОГУ СОТТУК-МЕДИЦИНАЛЫК ЭКСПЕРТТӨӨ БЮРОСУ ЗАМАНБАП ИМАРАТКА ЖАНА МЕДИЦИНАЛЫК ЖАБДЫКТАРГА МУКТАЖ

ОШТОГУ СОТТУК-МЕДИЦИНАЛЫК ЭКСПЕРТТӨӨ БЮРОСУ ЗАМАНБАП ИМАРАТКА ЖАНА МЕДИЦИНАЛЫК ЖАБДЫКТАРГА МУКТАЖ

 2,720 Бардыгы /

Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө бюросу өткөн кылымда, тактап айтканда, тээ 1948-жылы ошогездеги Ош облустук ооруканасы катары жана анын башкы дарыгери Сергеевге дагы үй сыңары курулган. Кийинчерээк ал бейтапкана башка жакка которулганда, бул жерде Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө бюросуна айлантышкан.

-Тээ өткөн кылымдан бери, дээрлик жетимиш жылдан ашык бул бюро калкка үзгүлтүксүз гана кызмат көрсөтүп келатат, – деп агынан жарылды Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө бюросунун директору, жогорку категориядагы сот-медэксперт, саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери Бактыбек МАМАДИЕВ. – Ушул тапта Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Чоң-Алай райондорунда дагы бөлүмчөлөрүбүз бар. А өзүбүз түштүк башкалаасында жайгашкандыктан, мобул Ош шаарын дагы кошо тейлейбиз. Кайрылгандар абдан эле арбын. Бирок, көрдүңүздөр го, шартыбыз заман талабына таптакыр жооп бербейт. Саламаттыкты сактоо министрлиги “Планыбызда жок!” деп жардамдашпай, оңой эле кутулуп келатат. Жок дегенде капиталдык ремонтубузга деле каражат сурасак, Ош шаарынын мэриясы жана Ош шаардык Кеңеши “Бюджетибизде каражат тартыш” деп опоңой кутулуп жатышат.

-Кыдырып жүрүп көрдүңүздөр го. Оштогу жогорку жайларында окуп жатышкан криминалисттер-студенттер дагы бизге гана практикага жана стажировкага байма-бай келишет, – деп кепке кошулду Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө бюросунун башкы мээрбан айымы Зууракан ПАТЫШЕВА. – Улан-кыздарды моминтип бир бөлмөгө эптеп батырып, айласыздан сыйлыгыштырып гана окутуп жатабыз. Анан калса техникалык каражаттарыбыз деле заманбап эмес! Кээде буларды болочок криминалисттерге көрсөткөндөн, албетте, чындап эле уялабыз.

-2010-жылкы июнь коогалаңынан кийин биздин мекемебизге Кызыл Крест Эл аралык Уюму жыйырма төрт орундуу заманбап муздаткыч сатып берип, таналогия бөлүмүнө өлүктөрдүү сактоо үчүн атайын койдуртуп дагы берген, – дейт Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө бюросунун танатология бөлүмүнүн башчысы Арап КОЖОБАЕВ. – А мезгилде бизге күн кур эмес абдан көп өлүктөр түшүп турчу. Аларды эбин таап айласыздан сактачубуз. Былтыр ошол жабдыгыбыз дагы бузулуп калды эле, Кызыл Крест Эл аралык Уюму оңдотуп берди. Тилекке каршы, көп узабастан бул жабдыгыбыз дагы жараксыз кейипти кийди. Ошентип, өлүк сактоо ушул тапта анык башоорутмага айланган чак. Мындан тышкары СаЭпидКөзөмөл бекети (СЭС) танатология бөлүмүн урунганга тыюу салган. Ошондуктан, Ош шаардык мэриясына жана Ош шаардык Кеңешине айлабыз куруганда расмий кат менен кайрылганбыз. Анткени, биз Ош шаарынын тургундарын дагы тейлейбиз да. Эки жетекчилик тең “Шаарыбыздын бюджети тартыш!” деп гана жооп чиймелеп, опоңой кутулушту. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин биздин мекеменин ремонтуна акча бөлөөр түрү жок…

Ошондуктан Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө бюросуна акыркы жылдарда жаш адистер деле таптакыр жолобой калышты.

-Байкагандырсыздар. Биздин бюробузда жалаң алтымыштан ашкан он тогуз дарыгерибиз дагыле иштешет, – деп чырылдады Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө бюросунун директору, жогорку категориядагы сот-медэксперт, саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери Бактыбек МАМАДИЕВ. – Анткени, жаш адистер биздеги маяна аздыгынан, мекемебизге таптакыр жолошпойт. Ошентсе дагы, өзүбүз мыйзамдуу жолун таап, кызматкерлерибизге ыңгайлуу шарт жаратканга аракетибиз абдан күч. СЭСтин жана ЭкоТехникалык көзөмөл инспекциясынын атайын корутундусуна ылайык быйыл январдан тартып маянабызды он беш-кырк пайызга жогорулаттык.

Канеткен күндө дагы, Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө бюросу ушул тапта заманбап имаратка жана медициналык жабдууларга абдан эле муктаж. Балким, бул жөнүндө Президент, Кыргыз Өкмөтү жана Жогорку Кеңеш чындап эле билбестир. Алар жазганыбызды окуп калышса, эптеп мунун дагы айласын табышаар…

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17