Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
3,783 Бардыгы / Бүгүн 25-сентябрда “Кыргыз милициясынын 95 жылдык маарекесине” карата Жалал-Абад ОИИБнин имаратында “Ачык эшик” күнү өткөрүлдү. Аталган иш-чарага жогорку окуу жайларынын жана колледждердин юридикалык багытта билим алган 200дөн ашуун студенттери катышышты. Аларга милициянын азыркы учурдагы жаңы мыйзамдар менен иштөө тартиби жана кыргыз милициясынын тарыхы тууралуу маалымат берилди. Милиция кызматкерлери тарабанын “Машыгуулардан ыкма жана кылмышкерди […]
3,784 Бардыгы / Бүгүн 25-сентябрда “Кыргыз милициясынын 95 жылдык маарекесине” карата Жалал-Абад ОИИБнин имаратында “Ачык эшик” күнү өткөрүлдү. Аталган иш-чарага жогорку окуу жайларынын жана колледждердин юридикалык багытта билим алган 200дөн ашуун студенттери катышышты. Аларга милициянын азыркы учурдагы жаңы мыйзамдар менен иштөө тартиби жана кыргыз милициясынын тарыхы тууралуу маалымат берилди. Милиция кызматкерлери тарабанын “Машыгуулардан ыкма жана кылмышкерди […]
ЖАЛАЛ-АБАД: КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫНА 95 ЖЫЛ
25.09.2019 / Автор aymak

3,785 Бардыгы /
Бүгүн 25-сентябрда “Кыргыз милициясынын 95 жылдык маарекесине” карата Жалал-Абад ОИИБнин имаратында “Ачык эшик” күнү өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага жогорку окуу жайларынын жана колледждердин юридикалык багытта билим алган 200дөн ашуун студенттери катышышты. Аларга милициянын азыркы учурдагы жаңы мыйзамдар менен иштөө тартиби жана кыргыз милициясынын тарыхы тууралуу маалымат берилди.
Милиция кызматкерлери тарабанын “Машыгуулардан ыкма жана кылмышкерди кармоо”, “Массалык баш-аламандыкка каршы аракеттер”, “Баңгизатты аныктоо жана качып бараткан кылмышкерди кызматтык иттердин жардамы менен кууп кармоо” боюнча көргөзмө-көнүгүүлөрү аткарылып, №704 Ички аскер бөлүгүнүн жоокерлери тарабынан атайын даярдалган саптык көрүнүш көрсөтүлдү.
“Ачык эшик” күнүндө Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппараты, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасы, областтык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы, кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасы, №704 Ички аскерлер бөлүгү, Күзөт кызматынын “Тез чара көрүү тобу”, Кинология борбору, Криминалдык милиция кызматы, Тергөө жана Жоруктар боюнча бөлүмү, Криминалисттик-эксперттик бөлүмүнүн жана бирдиктүү терезе кызматынын кызматкерлери тарабынан атайын техника, курал-жарак жана криминалисттик-эксперттик чемодандар, кызматтык бөлмөлөр көрсөтүлүп, ар биринин иштөө тартиби боюнча студенттерге кенен түшүндүрмө берилди.
Белгилеп кетсек, иш-чаранын жүрүшүндө ОИИБдин 10-бөлүмү тарабынан студенттерге экстремизм жана мыйзамсыз миграция багытында күнүмдүк ишмердүүлүгү, аткарылып жаткан жумуштары туурасында учкай маалымат беришип, андан сырткары “Салттык ислам” жана социалдык тармактардагы азгырыктарга, мыйзамсыз чакырыктарга алданбоо жөнүндө лекция өтүлдү.
Бул иш-чарага катышкан активдүү студенттер менен Жалал-Абад ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов иш бөлмөсүндө жолугушуп, алардын кызыктырган суроолоруна жооп берди. Жыйынтыгында жаштарды ар кандай кылмыш, кырсыктардан алыс болууга, мекенчилдикке жана келечекте мыкты кесиптин ээси болууга чакырды.
Ал эми, Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесин утурлай уюштурулган саамалыктын катышуучулары иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгүн, жаштарга укук коргоо кесиптерин тандоого түрткү болуп, келечекте милиция кызматында иштөөгө жол ачылгандыгын – белгилеп, ыраазычылыктарын билдиришти.
“Аймак”
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
14.07.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАЙЛАРДЫН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
19.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШ ШААРЫНДА СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТАР ЗАЛАЛСЫЗДАНДЫРЫЛУУДА
-
-
03.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШМУГА ТАПШЫРГАНДАР ЖАҢЫЛЫШПАЙТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.