Аймак

ӨЗБЕК ӨКМӨТү КЫРГЫЗСТАНГА ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМЫН ТАПШЫРДЫ

ӨЗБЕК ӨКМӨТү КЫРГЫЗСТАНГА ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМЫН  ТАПШЫРДЫ

 986 Бардыгы /

  ОШ. Ош шаарына Өзбек Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө гуманитардык жүктөрү поезддер менен жеткилирип, Кыргыз бийлигине тапшырылды. Бул иш чарага Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, жаңы дайындалган Өзбекстандын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуршид Мирзахидов, Кыргызстан Элдер Ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы Балтагул Нурумбетов, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, Саламаттыкты сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.

        Гуманитардык жардамдын курамында 1000 тонна ун, 60 тонна гипохлорид, 2500 даана респиратор, 5000 даанадан медициналык колкап жана беткаптар, 2500 даана коргоочу костюм бар. Жүк Өзбекстандан Ош шаарына темир жол транспорту – поезддер менен жеткирилди.

          Кыргыз тарап бир тууган элдин коронавирус менен күрөшүүдө өз убагында көрсөткөн жардамын жана колдоосун жогору баалай тургандыгын  жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнө терең ыраазычылыгын ачыктады.  

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17