Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
УКМК МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ИШ АЛЫП БАРАРЫН БИЛДИРДИ
НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ ТӨРАГАЛЫКТАН КЕТТИ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
979 Бардыгы / Бириккен Араб Эмираттарында дарыгер болуп эмгектенген журтташыбыз Чынара Жантөшеваны коронавируска каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн Дубайдын эмири Мактум ибн Рашид Аль Мактум «Алтын виза» менен сыйлады. Виза 10 жыл Эмираттарда эмгектенүүгө уруксат берет. Чынара Жантөшева өлүм менен өмүрдүн ортосунда жаткан бейтаптар менен иштейт. Ал анестезиолог-реаниматолог. Чынара 11 жылдан бери эмгектенген мамлекеттик ири ооруканалардын […]
980 Бардыгы / Бириккен Араб Эмираттарында дарыгер болуп эмгектенген журтташыбыз Чынара Жантөшеваны коронавируска каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн Дубайдын эмири Мактум ибн Рашид Аль Мактум «Алтын виза» менен сыйлады. Виза 10 жыл Эмираттарда эмгектенүүгө уруксат берет. Чынара Жантөшева өлүм менен өмүрдүн ортосунда жаткан бейтаптар менен иштейт. Ал анестезиолог-реаниматолог. Чынара 11 жылдан бери эмгектенген мамлекеттик ири ооруканалардын […]
БИШКЕКТИК ДАРЫГЕР ДУБАЙДАН «АЛТЫН ВИЗА» АЛДЫ
02.06.2020 / Автор aymak

981 Бардыгы /
Бириккен Араб Эмираттарында дарыгер болуп эмгектенген журтташыбыз Чынара Жантөшеваны коронавируска каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн Дубайдын эмири Мактум ибн Рашид Аль Мактум «Алтын виза» менен сыйлады. Виза 10 жыл Эмираттарда эмгектенүүгө уруксат берет.
Чынара Жантөшева өлүм менен өмүрдүн ортосунда жаткан бейтаптар менен иштейт. Ал анестезиолог-реаниматолог. Чынара 11 жылдан бери эмгектенген мамлекеттик ири ооруканалардын бири Рашид госпиталынын реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмүнө бир эле убакта мынча оорулуу түшүп көрө элек болчу. Учурда бул бөлүмдө 180ден ашуун бейтап өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Ар кимисинин абалы ар кандай.
«Мынчалык адам көп өлгөнүн өз тажрыйбамда көрө элек болчумун. Албетте, ар кандай жугуштуу оорулар каптап, эл ооруканага көп түшкөн учурлар болгон. Бирок оору ушундай тездик менен жайылганын биринчи жолу көрдүм», – деп оор улутунган Жантөшева өмүрүн сактап кала албаган ар бир адамдын элеси көз алдында экенин кошумчалайт.
Жалпысынан Бириккен Араб Эмираттарында коронавируска чалдыккан адамдардын саны 34 миңге чамалады. 260тан көп киши бул илдеттен каза болду.
2019-жылы Бириккен Араб Эмираттары чет элдик инвесторлорго жана баалуу адистерге өлкөдө жашоого уруксат берген беш жана он жылдык «Алтын виза» бере баштаган. Алгачкылардан болуп мындай визага белгилүү индиялык ишкер, Эмираттарда 45 жыл жашаган Юсуф Али ээ болгон. «The National» басылмасынын жазганына караганда, анын байлыгы 4,7 миллиард долларга барабар.
Мындай байлар ээ болуп жаткан визаны алуу Чынара Жантөшеванын түшүнө да кирген эмес. Ошондуктан алгач калаа администрациясынан паспортун сурап чалышканда ишенбегенин айтты:
«”Сизге шейх Мохаммедден ыраазычылык катары “Алтын виза” бериши мүмкүн” деп паспортумду сурашканда нес эле болуп калдым. Документимди алып барып бердим. Бир нече күндөн кийин колума он жылдык «Алтын виза» тийди».
Жалпысынан мындай сыйлыкка 212 чет элдик дарыгер татыды. Бириккен Араб Эмираттарында ар кандай эсептер боюнча 3-5 миңдей чейин кыргызстандык бар.
www.
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
-
-
13.02.2026 / Автор anarkan_kg Президент С.Жапаров: МЫЙЗАМ ЖАНА ЭЛДИН ТЫНЧТЫГЫ БААРЫНАН ЖОГОРУ
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК ТӨРӨТ ҮЙҮ УБАКТЫЛУУ 1 АЙГА ЖАБЫЛДЫ
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.