Аймак

БАТУКАЕВ ИШИ: АТАМБАЕВ 11,2 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ, ЭКС-БАШ ПРОКУРОР ЖОЛДУБАЕВАГА 5 МЛН. СОМ АЙЫП САЛЫНДЫ

БАТУКАЕВ ИШИ: АТАМБАЕВ 11,2 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ, ЭКС-БАШ ПРОКУРОР ЖОЛДУБАЕВАГА 5 МЛН. СОМ АЙЫП САЛЫНДЫ

 681 Бардыгы /

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу сот өкүмү чыкты.

Ишти караган Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов 23-июнда өкүмдү угузуп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күнөөлүү деп тапты жана аны 11 жыл эки айга эркинен ажыратуу, сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу чарасын чегерди.

Тагыраак айтканда: Toyota, Mitsubishi, BMW, MAN маркаларындагы беш автомашина, Чүйдүн Кой-Таш, Арашан жана Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылдарындагы жалпысынан жети жер тилкеси жана бир жайыт, Ден соолукту чыңдоо борбору жана турак үй, Бишкектеги “Медиа Форум” ачык акционердик коомуна таандык эки жер тилкеси жана бир имарат, “Форум” илимий-өндүрүш фирмасынын Чолпон-Атадагы бир жер тилкеси жана курулушу аяктай элек эки объектиси.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, ага 5 миллион сом айыппул салынды. Мамлекеттик чиндеринен жана мамлекеттик наамынан ажыратылмай болду.

Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылды, кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен ага жаза чегерилген жок.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөөлүү деп табылды. Ага эки жыл эркинен ажыратуу чарасы чегерилди, бирок буга чейн камакта отурганын эсепке алганда, жазасын өтөп бүттү деп таанылды, сот залынан бошотулду.

17-июндагы сот отурумунда мамлекеттик айыптоочулар Атамбаевди Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупцияны уюштуруу») боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга кесүүнү жана бардык мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу менен анын жана жакындарынын мүлкүн конфискация кылууну соттон өтүнгөн. Кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шек саналган Жолдубаеваны 15 жылга, Раимжановду жана Качкыналиевди 13 жылдан түрмөгө кесүүнү өтүнгөн.

“Батукаев иши” боюнча айыптуу деп эсептелгендердин ичинен тергөө менен кызматташкандардын иши өзүнчө каралып жатат. Алардын катарында мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Шамил Атаханов, экс-башкы прокурор Аида Салянова, Жаза аткаруу кызматынын ошол кездеги башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, мурдагы судья Жапар Эрматов жана дарыгер Ирина Цопова баштаган 13 киши бар. Булардын иши быйыл июнь айында Свердлов райондук сотуна жиберилди. Ал эми УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланган.

Кыргызстанда маңзат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылдын октябрында өткөн.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17