Аймак

СПОРТ ЗАЛ КҮНДҮЗГҮ СТАЦИОНАРДЫК БОРБОР БОЛУП ДАЯРДАЛДЫ

СПОРТ ЗАЛ КҮНДҮЗГҮ СТАЦИОНАРДЫК БОРБОР БОЛУП ДАЯРДАЛДЫ

 1,140 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарындагы Жеңиш эс алуу жайындагы Р. Санатбаев атындагы спорт залы күндүзгү стационардык борборго айланып, 92 орундук даярдалды.

 
Жалал-Абад областтык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы аталган спорт залга атайын керебеттерди коюп, орундуктарды даярдады. Ал эми дарыгерлер эртеңден баштап, жаңы алгоритимге ылайык үй шартында дарыланып жаткан атуулдарга жардамдарды көрсөтүүнү баштайт. Бул менен ооруну күчөтпөй, алдын алуу жумуштарын жасоого шарттар түзүлөт.

Үйлөрүндө ооруп, капельница алууга мүмкүнчүлүгү болбой жаткан жарандар өздөрү дары-дармегин алып келип, дарыгерлердин колунан капельница алып кетишет. Учурдагы илдеттин оорлошуп кетпешине, өнөкөт ооруларды дарылоо дагы маанилүү болуп жатканын эске алдык. Ошондой эле сасык тумоонун алгачкы белгиси башталганда, дароо келип, тиешелүү адистерден жардам алышса болот. Аталган жерде социалдык аралык сакталып, тез-тез дезинфекциялоо жумуштары жүргүзүлөт. Ар бир дарыгер коргонуучу каражаттар менен камсыздалып, жумуштарын алып барышат“,-деди Н. Мирзахмедов. 

Бул жерге күндүзү Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын тургундары келип, керектүү жардамдар менен кошо кеңештерди да ала алышат. 

Эскерте кетүүчү жагдай, бул убакытка чейин Курманбек стадионуна чатырлардын тигилүүсү боюнча маалымат таркаган, бирок күндүн ысып кеткендигине байланыштуу орун өзгөртүлдү.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17