Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
736 Бардыгы / Элдияр Жолдошев аттуу жаран өзүнүн «Фейсбук» социалдык баракчасы аркылуу видео кайрылуу таратты. Анда ал андан мурдагы видео блогу боюнча 19-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакыртылып, кечирим суроого мажбурланып, бирок андан баш тартканын айткан. Ал мындан мурдагы видео кайрылуусунда июль айынын башында Бишкекте таажы вирусу күчөп, даярдык көрүлбөгөн абалдын кесепети үчүн өлкө жетекчилигин айыптаган. […]
737 Бардыгы / Элдияр Жолдошев аттуу жаран өзүнүн «Фейсбук» социалдык баракчасы аркылуу видео кайрылуу таратты. Анда ал андан мурдагы видео блогу боюнча 19-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакыртылып, кечирим суроого мажбурланып, бирок андан баш тартканын айткан. Ал мындан мурдагы видео кайрылуусунда июль айынын башында Бишкекте таажы вирусу күчөп, даярдык көрүлбөгөн абалдын кесепети үчүн өлкө жетекчилигин айыптаган. […]
ӨЛКӨДӨ БИЙЛИКТИ СЫНДАГАНЫ ҮЧҮН КЕЧИРИМ СУРООДОН БАШ ТАРТКАН ЖАРАНГА ИШ АЧЫЛДЫ
30.07.2020 / Автор aymak

738 Бардыгы /
Элдияр Жолдошев аттуу жаран өзүнүн «Фейсбук» социалдык баракчасы аркылуу видео кайрылуу таратты. Анда ал андан мурдагы видео блогу боюнча 19-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакыртылып, кечирим суроого мажбурланып, бирок андан баш тартканын айткан.
Ал мындан мурдагы видео кайрылуусунда июль айынын башында Бишкекте таажы вирусу күчөп, даярдык көрүлбөгөн абалдын кесепети үчүн өлкө жетекчилигин айыптаган. Элдияр Жолдошев кийин аны милиция ИИМге да чакыртып, дагы бир жолу кечирим суроону талап кылганын кошумчалаган. Бирок ал экинчи ирет кечирим суроодон баш тартканын, себеби мыйзам бузууга барбаганын белгилеген.
Элдияр Жолдошев ошондон кийин кысым күчөп, аны жоопко тартыш үчүн илинчек издеген аракеттер күчөгөнүн билдирди:
«Азыр алар мени кайсы гана жол менен болбосун кечирим суратууга мажбурлаш үчүн мага же менин жакындарыма кандайдыр бир илинчек табуу максатын гана көздөп турушат. Мындан силер эмне табасыңар? Же бул силердин кайсы бир маселеңерди чечеби? Менин артымда эч кандай саясий күч жок. Мен эч качан, эч кимди мыйзамсыз иштерге чакырган жокмун. Ал менин айтып чыгууга толук укугум болгон жөн гана жеке пикирим болчу. Кандай гана ресурстарды колдонбогула, баары бир менден кечирим суроону күтпөй эле койгула. Биз азыр демократиялуу өлкөдө жашап жатабыз. Ар бир адам өзүнүн жеке пикирин коомчулукка айтканга толук акысы бар. Видео камерага тартып туруп басым астында кечирим суратуу аркылуу силер эч нерсеге жетпей турганыңарды түшүнгүңөр келбей турат. Бардыгын коркутуп бүтө албайсыңар».
ИИМдин басма сөз кызматы чынында эле Элдияр Жолдошевдин «Фейсбукта» жайгаштырылган баштапкы видео кайрылуусу боюнча иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, анын билдирүүсүндөгү маалыматтар боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганын ырастады.
Мекеменин маалыматы боюнча 1983-жылы туулган Элдияр Жолдошев аттуу жарандын «Фейсбукта» жарыялаган видео кайрылуусунда расалык, аймактык, улуттук жана диний касташууну козутуу боюнча Жазык кодексинин 313-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча материалдар бар деген негизде сотко чейинки иш ачылган.
ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов пандемия убагында кээ бир жарандар жалган жалаа жана бурмаланган маалыматтарды жайылткан учурлар болгонун айтып, мындай аракеттерге укуктук баа берүү милициянын милдети экенин белгиледи:
«Президенттин, мамлекеттин дарегине айтылган же болбосо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик атрибуттарына карата айтылган мыйзамга каршы келген маалыматтар болсо, аларды да биз мыйзам чегинде коргоого тийишпиз. Бул жерде кээ бир адамдардын Интернеттеги пикири үчүн гана алар бул жакка чакыртылып жаткан жери жок. Мисалы, мамлекет жетекчисине же мамлекеттин атрибуттарына карата сындан тышкары ачууга алдырып, ашкере чектен чыгып, акаарат айткан, мамлекеттүүлүктүн бекемдигине шек келтире турган учурларды биз бөлүп карашыбыз керек. Кээ бир учурларда экөө тең аралашып кеткен жагдайлар да болуп калат».
Буга чейин Афтандил Жоробеков жана Элмир Сыдыманов сыяктуу блогерлердин жана айрым жарандык активисттердин Интернетке жарыялаган материалдары үчүн «аймак аралык кастыкты козутуу» деген кине менен айып коюлуп, кылмыш жоопкерчилиги каралган учурлар болгон. Аларга карата да кастыкты козутуу жана конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырык таштоо деген негизде кылмыш иштери козголгон. Анда алардын айрымдары тергөө учурунда коомчулуктан кечирим сурап, жоопкерчиликтен кутулса, кээ бирөөлөрүнүн иши сотко чейин жетип, ал жактан кыскарган же болбосо убактылуу токтотулган.
www.
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
23.07.2025 / Автор anarkan_kg ТАШИЕВ БАЗАР-КОРГОНДОГУ ИПОТЕКАЛЫК ҮЙЛӨРДҮН КУРУЛУШУН ТЕКШЕРДИ
-
-
31.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна БАТКЕНДЕ “ИСФАЙРАМ-1” ЧАКАН ГЭСИ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.