Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
661 Бардыгы / 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын катарында талапкер болуп аттанган Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» спикердин басма сөз катчысы Жоомарт Максатбеков билдирди. Анын айтымында, Жумабеков келинге акчаны 14-сентябрда Таластагы жумушчу сапарынын алкагында тартуулаган. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоого аттанган талапкерлер үгүт учурда кайрымдуулук […]
662 Бардыгы / 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын катарында талапкер болуп аттанган Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» спикердин басма сөз катчысы Жоомарт Максатбеков билдирди. Анын айтымында, Жумабеков келинге акчаны 14-сентябрда Таластагы жумушчу сапарынын алкагында тартуулаган. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоого аттанган талапкерлер үгүт учурда кайрымдуулук […]
СПИКЕРДИН КЕЛИНГЕ СҮЙҮНЧҮ БЕРГЕНИ ТУУРАЛУУ МАСЕЛЕ БШКда КАРАЛАТ
15.09.2020 / Автор aymak663 Бардыгы /
4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын катарында талапкер болуп аттанган Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берди.
Бул тууралуу «Азаттыкка» спикердин басма сөз катчысы Жоомарт Максатбеков билдирди. Анын айтымында, Жумабеков келинге акчаны 14-сентябрда Таластагы жумушчу сапарынын алкагында тартуулаган.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоого аттанган талапкерлер үгүт учурда кайрымдуулук иштер менен алектенбеши, жарандарга акчалай жардам бербеши керек экенин эскерткен. Шайлоо эрежесине ылайык, үгүт маалында адамдарга берилген материалдык жардамдын баары добуш сатып алуу болуп саналат.
БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов спикердин келинге акча бергени тууралуу маселе караларын билдирди. Ал эми БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова Жумабеков өз макамын пайдалануу менен үгүт маалында берген сүйүнчү пул административдик ресурсту колдонуу болуп эсептелерин айтты.
Спикердин басма сөз катчысы окуяга мындай түшүндүрмө берди:
«Ал жаңы төрага келгенге чейин Жогорку Кеңештин төрагасы бойдон кала берет жана кызматын аркалай берет. Уулдуу болгон келин баласына спикердин атын койгон экен. Ошого акчалай жардам көрсөттү. Бул жагын юристтер менен талкуулап көрөлү».
Анын артынан Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы төрага акчаны үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары бергенин билдирди.
14-сентябрда Интернеттеги социалдык түйүндөргө «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берип жаткан сүрөттөр жарыяланып, эртеси өчүрүлгөн.
Анын алдында БШК «Кыргызстан» саясий партиясына балага сүйүнчү берүүгө байланышкан чакырыгы үчүн эскертүү берген.
Дастанбек Жумабеков парламенттин алтынчы чакырылышын спикеринин кызматын 2017-жылдан бери аркалайт.
Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. 4-сентябрда бир айлык үгүт башталган.
www.
Автор aymak
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg ““УЛУУ ЖЕҢИШКЕ – 80 ЖЫЛ” ДЕГЕН КҮМҮШ МОНЕТА ЖҮГҮРТҮҮГӨ ЧЫКТЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.