Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,096 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. “Укук Кербени” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппарат жетекчиси А.Азарбеков, ошондой эле Акыйкатчы институтунун кызматкерлери А.Анарботоев менен А.Тожиханов Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы В. И. Ленин атындагы мектеп-интернатына мониторинг жүргүзүштү. Мониторинг маалында төмөнкүлөр ашкереленди: Мектеп ашканасында гигиеналык каражаттар жетишсиз (самын жана антисептиктер); жашылчалар жерде аймакты тазалоо үчүн буюмдар менен аралашып (шыпыргы, калак) жатат; […]
1,097 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. “Укук Кербени” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппарат жетекчиси А.Азарбеков, ошондой эле Акыйкатчы институтунун кызматкерлери А.Анарботоев менен А.Тожиханов Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы В. И. Ленин атындагы мектеп-интернатына мониторинг жүргүзүштү. Мониторинг маалында төмөнкүлөр ашкереленди: Мектеп ашканасында гигиеналык каражаттар жетишсиз (самын жана антисептиктер); жашылчалар жерде аймакты тазалоо үчүн буюмдар менен аралашып (шыпыргы, калак) жатат; […]
ЧАТКАЛ РАЙОНУНДАГЫ МЕКТЕП-ИНТЕРНАТТА БАЛДАР КИЙИМ-КЕЧЕЛЕРИН ТАШТЕКТЕ ЖУУШАТ
13.10.2021 / Автор anarkan_kg1,098 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. “Укук Кербени” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппарат жетекчиси А.Азарбеков, ошондой эле Акыйкатчы институтунун кызматкерлери А.Анарботоев менен А.Тожиханов Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы В. И. Ленин атындагы мектеп-интернатына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг маалында төмөнкүлөр ашкереленди: Мектеп ашканасында гигиеналык каражаттар жетишсиз (самын жана антисептиктер); жашылчалар жерде аймакты тазалоо үчүн буюмдар менен аралашып (шыпыргы, калак) жатат; тамак-аш үчүн атайын текчелер жок; тамак жасоо үчүн кесүүчү үстөл коюлбаган (атайын үстөлдүн ордуна парта колдонулат); бир гана тоңдургуч камера бар. Ал эми медициналык бекетте балдар-бейтаптар үчүн керебеттер талкаланган; киринүүчү жай жок (ванна, же душ бөлмөсү); санитардык түйүн дайынсыз, башка бардык санитардык ченемдер дагы жокко эсе. Кир жуучу жайда кир жуугуч машиналар жок, жашы жете элек мектеп окуучулар өздөрү кийимдерин таштекке суу куюп алып колго (коридордо) жуушат, кир жуучу жай өзү шейшеп, төшөнчүлөрдү жууш үчүн гана колдонулат; ысык суу жок, аны ар кандай жолдор менен жылытуу керек. Интернаттын имараттарында суу түтүгү жана канализация дегеле жок. Жалпы душ бөлмөсү начар акыбалда, мындан тышкары жуунучу бөлмө менен жатакананын ортосундагы аралык 700-800 метрден ашык, анын натыйжасында күз-кыш мезгилинде балдар ар кандай жугуштуу ооруларга чалдыгуу коркунучунда.
Бул интернаттын жетекчисинин айтымында, бүгүнкү күнгө чейин “Ага Хан Фонду” интернаттын имараттарын жана жатаканаларын суу менен камсыз кылуу үчүн, ошондой турган мончону оңдоо үчүн 3 миллион сом бөлгөн. Мындан тышкары БУУӨП ушул эле максаттарга 1,2 миллион сом ажыраткан. Ошентсе дагы өткөн 5 жыл ичинде интернаттын жетекчилиги ашкананы жана №1-окуу корпусун оңдоого грант тартууга жетишти. Окуучулардын билим алуусу, тамактануусу жана жашашы үчүн тийиштүү жана ылайыктуу шарттарды түзүүгө абдан аракет бар, бирок жетишсиз. Анткени мамлекеттин колдоосусуз бардык көйгөйлүү маселелерди чечүү дегеле мүмкүн эмес. Ошондуктан Чаткал районундагы В. И. Ленин атындагы мектеп-интернаты ушундай кейиштүү абалда, бул балдардын укугун бузуу болуп саналат. Ошондой эле балдар жана кызматкерлер үчүн жатаканалар электр жылыткычтары менен жылытылат. Ал эми жылытуу мезгилинде электр энергиясы үзгүлтүккө учураса, мектеп-интернатта генератор жок болгондуктан бөлмөлөрдү жылытууга дегеле мүмкүн эмес! Бул туурасында жогорку жактагы жетекчиликке чен ирет кабарланган. Бирок, натыйжа жок .
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппараты өлкөбүздүн билим берүү министрлиги шашылыш түрдө бардык зарыл чараларды көрүүгө жана бул билим берүү мекемесинин тарбиялануучуларына, мугалимдерине жана кызматкерлерине туура жана мыйзамдарга ылайык шарттарды камсыздоо үчүн натыйжалуу жардам көрсөтүүсү зарыл деп эсептейт.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
15.02.2024 / Автор anarkan_kg РАЙЫМБЕК МАТРАИМОВДУН ҮЙҮНӨ АКЫРЫ МӨӨР БАСЫЛДЫ
-
22.02.2024 / Автор anarkan_kg КЫЛМЫШ ТОБУ ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ АБАКТАН 6,5 МИЛЛИОН СОМ ЖЫЙНАГАН
-
02.03.2024 / Автор anarkan_kg АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КӨРКТӨНДҮРҮҮ БОЮНЧА ҮЧ АЙЛЫК ЖАРЫЯЛАНДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.