Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
832 Бардыгы / Centerra Gold Inc. компаниясы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун “Кумтөр” кенине байланыштуу айткандары боюнча билдирүү таратты. Анда компания кенге байланыштуу Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди көрүүнү уланта берери жазылган. “Биз буга чейинки чыгарган маалыматта ачык белгилегендей, “Кумтөр” мындан ары да толугу менен Centerra Gold Inc. компаниясына таандык туунду компаниясы болуп […]
833 Бардыгы / Centerra Gold Inc. компаниясы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун “Кумтөр” кенине байланыштуу айткандары боюнча билдирүү таратты. Анда компания кенге байланыштуу Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди көрүүнү уланта берери жазылган. “Биз буга чейинки чыгарган маалыматта ачык белгилегендей, “Кумтөр” мындан ары да толугу менен Centerra Gold Inc. компаниясына таандык туунду компаниясы болуп […]
“ЦЕНТЕРРА” КУМТӨР КЕНИНЕ БАЙЛАНЫШТУУ БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ
22.11.2021 / Автор anarkan_kg

834 Бардыгы /
Centerra Gold Inc. компаниясы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун “Кумтөр” кенине байланыштуу айткандары боюнча билдирүү таратты.
Анда компания кенге байланыштуу Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди көрүүнү уланта берери жазылган.
“Биз буга чейинки чыгарган маалыматта ачык белгилегендей, “Кумтөр” мындан ары да толугу менен Centerra Gold Inc. компаниясына таандык туунду компаниясы болуп саналат жана биз “Кумтөр” кенин мыйзамсыз басып алгандыгы үчүн Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди жасоону улантабыз. Биздин билдирүүбүздө жаңы эч нерсе жок. Болгону 2021-жылдын 10-августунда кендеги биздин балансыбыздагы бизнес-операциянын токтогондугун билдирген кулактандырууну гана чагылдырат”, – деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинин тегерегиндеги соңку абал боюнча 20-ноябрда билдирүү тараткан.
“Мындан бир нече саат мурда, Канада убактысы боюнча 19-ноябрда, кечке маал биржалык соода жыйынтыкталгандан кийин Centerra Gold Inc. компаниясы аларга мындан ары кыргыз элинин улуттук мурасы – Кумтөр кени таандык эместигин тааныгандыгы тууралуу чечим кабыл алды. Centerra Gold Inc. өзүнүн баланстык наркынан 926 млн. долларды эсептен чыгарууга жана Кумтөр кенине көзөмөлдү жоготконун билдирүүгө аргасыз болду”.
Жапаров “Центерра Голд” Кумтөр кенине мындан ары ээлик кылбай турганын расмий жарыялаганын айткан.
Centerra Gold Inc. компаниясынын бул тууралуу билдирүүсү 19-ноябрда сайтына дагы жарыяланып, Онтарио провинциясынын (Канада) Баалуу кагаздар боюнча комиссиясынын талабы менен отчет берилгени жазылган. Компания 19-ноябрдагы отчетунда Кыргызстан тараптан жасалган айрым кадамдар Кумтөр кенинен ажырап калышына алып келгенин билдирген. Буга кенди “басып алуу” себеп болгонун белгилеген.
Канадалык компания башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү быйыл май айында өз карамагына алган.
“Центерра” кен Кыргызстанга өткөндөн кийин алтын казуу азайып кеткенин 5-ноябрда билдирип чыккан. “Кумтөр Голд” компаниясын кыргыз өкмөтүнүн атынан башкарып жаткан жетекчилик муну төгүндөгөнү менен канча алтын өндүрүлгөнүн коомчулукка расмий жана толук жарыялай элек.
22-сентябрда азыркы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Азаттыкка” “Кумтөр Голдду” башкарууну кыргыз тарап өз колуна алгандан берки төрт ай ичинде 4,1 тонна алтын өндүргөнүн, өлкө 62 миллион доллардай киреше алганын айтып берген. Ал эми 25-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөрдөн Кыргызстан 90 миллион доллар тапканын жарыялаган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөргө барып, алтын кениндеги иштердин жүрүшү менен таанышканын өкмөттүн басма сөз кызматы 13-ноябрда билдирген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
-
11.12.2024 / Автор anarkan_kg НООКАТ РАЙОНУНДА СЕЛДЕН КОРГООЧУ ДАМБАЛАР ОҢДОЛУУДА
-
23.12.2024 / Автор anarkan_kg Нусуп ЖОЛДОШБАЕВ: «ОШТУКТАР КЫШ БОЮ ҮШҮБӨЙТ!»
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.