Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин ЖЕТЕКЧИЛИГИ ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин ЖЕТЕКЧИЛИГИ ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 1,491 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусунун аймагында милиция жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай,

9-декабрь күнү Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында район тургундары менне жолугушуу болуп өттү. Элдик жыйынга Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин орун басары, Нурбек Сыдыков, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров, Сузак РИИБдин начальниги милициянын полковниги Замирбек Ормонов жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Жыйында алгач Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин орун басары, Нурбек Сыдыков Сузак району боюнча жалпы абалга токтолуп баяндама жасап өттү. Андан соң жергиликтүү тургундардын суроо-сунуштарын угуп, аларды кылмыштуулуктун алдын алууда милицияга көмөктөшүүгө чакырды. Зордук-зомбулук фактылары катталып жаткан үй-бүлөлөргө аксакалдар менен биргеликте профилактикалык жумуштарды күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле түнкү убакыттарда балдарын себепсиз көчөгө чыгарбоого, мал жандыктарын көзөмөлсүз калтырбоого үндөдү.

Ал эми Сузак РИИБдин начальниги Замирбек Ормонов жергиликтүү тургандарды Сумаянын өлүмүнө байланыштуу милицияга жардам берүүгө чакырды. Ал боюнча кандайдыр бир маалыматтар болсо РИИБге билдирүүгө, анонимдүүлүккө кепилдик бериле турганына ишендирди.

Элдик жыйындын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан Сузак РИИБдин Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнө байланыштуу сын-пикирлер айтылды. Буга байланыштуу жумуш учурунда кетирилген кемчиликтерди жоюу тапшырмалары коюлду.

Бул күнү милиция жетекчилигинин Жалал-Абад шаарынын эли менен да жолугушуу болуп өттү. Жыйынга Жалал-Абад ШИИБдин начальниги Алмазбек Кубатбеков, Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчисиЭрнист Зияйдинов жана жергиликтүү тургундар катышышты. Жолугушуу учурунда элге милициянын ишмердүүлүү боюнча отчеттор берилди. Андан сырткары эл менен милиция тыгыз иш алып барып, коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу зарылдыгы айтылды.

Жалпысынан алганда болуп өткөн элдик жыйындарда милициянын учурдагы жүргүзүп жаткан профилактикалык иштерине жакшы деген баа берилди. Ошондой эле жергиликтүү бийлик тарабынан да милицияга көмөк көрсөтүлүп жаткандыгы, мындан ары да тыгыз кызматташтыкта жумуштар жүргүзүлө тургандыгы белгиленди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17