Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
832 Бардыгы / 2021-жылдын 12-январь күнү– АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын кызматтарын өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорду ишке киргизди. “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарынын муниципалитеттери калкты таза суу менен камсыздоо, таштанды чыгаруу, көрктөндүрүү жана бош убакытты […]
833 Бардыгы / 2021-жылдын 12-январь күнү– АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын кызматтарын өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорду ишке киргизди. “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарынын муниципалитеттери калкты таза суу менен камсыздоо, таштанды чыгаруу, көрктөндүрүү жана бош убакытты […]
USAID КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЫЗМАТТАРДЫ ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА ДОЛБООРДУ ИШКЕ КИРГИЗҮҮДӨ
13.01.2022 / Автор anarkan_kg834 Бардыгы /
2021-жылдын 12-январь күнү– АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын кызматтарын өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорду ишке киргизди. “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарынын муниципалитеттери калкты таза суу менен камсыздоо, таштанды чыгаруу, көрктөндүрүү жана бош убакытты өткөрүү үчүн шарттарды түзүү сыяктуу жергиликтүү кызматтарды жакшыртуу боюнча иш алып барышат.
Долбоор айыл өкмөтү жана мэрия кызматкерлерин окутуу, юридикалык кеп-кеңештерди берүү жана алдыңкы тажрыйбаларын колдонууга үгүттөө аркылуу алардын башкаруу ыкмаларын жакшыртууга багытталган. Долбоордун негизги максаттарынын бири – муниципалитеттерге экономикалык жактан негизделген тарифтерди киргизүү, кирешелерди көбөйтүү, жергиликтүү ишкерлер менен өнөктөштүк түзүү жана маалымат технологияларды колдонуу аркылуу алардын кызматтарын каржылык жактан туруктуу кылууга жардам берүү. Муниципалитеттер мындай ыкмалар менен өз бюджеттерин кеңейтип, жергиликтүү жамааттардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн көбүрөөк кызматтарды сунуштай алышат.
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртууда чоң роль ойнойт. Алар бала бакча, суу, таштанды чыгаруу сыяктуу көптөгөн маанилүү кызматтар үчүн жоопкерчилик алышкан. Мындай кызматтардын сапаты Кыргызстандын ар бир жаранынын күнүмдүк жашоосуна таасирин тийгизет. Ошондуктан USAID бул кызматтарды жакшыртууда көмөктөшөт”, – деди USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Кит Симмонс.
Долбоордун дагы бир негизги максаты – муниципалитеттердин жоопкерчилигин күчөтүү. Долбоор жарандардын жергиликтүү кызматтардын сапаты боюнча пикир калтырышына жана жергиликтүү бюджеттерге мониторинг жүргүзүүдө активдүү болушуна шарт түзөт.
«Биз муниципалитеттер кызмат көрсөтүүдө потенциалын жогорулатуу үчүн колдоо жана кеңештерге муктаж экенин көрүп турабыз. Ошондуктан биз башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана элдин турмушун жакшыртууга багытталган кызматташууну кубаттайбыз. Ал өз кезегинде региондордун кеңири өнүгүшүнө өбөлгө болот», – деди Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев.
Долбоор мурунку «Ийгиликтүү аймак» деп аталган долбоордун жетишкендиктерине негизделет. 2016-жылдан бери «Ийгиликтүү аймак» долбоору өлкө боюнча 50 айылдык жана шаардык муниципалитеттерде жергиликтүү кызматтарды жакшыртууга жардам берди. Жыйынтыгында 31 миңден ашуун жаран ичүүчү таза суу менен камсыз болуп, 23 миңге жакын тургун таштанды чыгаруу боюнча жакшыртылган кызматтарды алышты, ал эми беш муниципалитеттин көчөлөрүнө жарыктандыруу орнотулуп, коопсуздугу жогорулады.
“Ийгиликтүү аймак 2” долбоору USAID тарабынанкаржыланып, аныӨнүктүрүүсаясат институту ишке ашырууда. Бул төрт жылдык демилгенин жалпы бюджети 4,9 млн АКШ долларын түзөт.
Кошумча маалымат алуу үчүн долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Турар Бекболотов менен байланышыңыздар (tbekbolotov@dpi.kg, +996 0770 210555).
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ ООРУКАНАДА КҮН САЙЫН 300 ЧАКТЫ АНАЛИЗ ЖАСАЛАТ
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН АЙЫЛДАРДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” БЕКЕР АЧЫЛАТ
-
-
-
-
30.05.2023 / Автор anarkan_kg ӨЗБЕКСТАН КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ ДУБАЛДЫ БУЗДУ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.