Аймак

ЭАУда КҮЗГҮ СТУДЕНТТИК СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ

ЭАУда КҮЗГҮ СТУДЕНТТИК СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ

 3,801 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 9-октябрда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте күзгү студенттик спартакиаданын салтанаттуу ачылышы болду.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) жылда өтүлүүчү спартакиаданын максаты: спорт аркылуу студент жаштар арасында сергек жашоо ыңгайын жайылтуу, республикалык деңгээлдеги спартакиадаларга жана универсиадаларга командаларды даярдоо.

Быйылкы спартакиада спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлмөкчү. Атап айтсак: волейбол, баскетбол, стритбол, мини футбол, стол тенниси, чатыраш, тогуз коргоол, жеңил атлетика, аркан тартышуу. Спартакиаданын ачылышында ЭАУнун ректораты спортсмен студенттерге мыкты спорттук ийгиликтерди жана командалык ынтымакты каалап кетти.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17