Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДА БАНКОМАТТАР АЛЫНУУДА

ТҮРКМӨНСТАНДА БАНКОМАТТАР АЛЫНУУДА

 858 total views

Түркмөнстандын айрым райондорунун борборлорунда банкоматтардын теңинен көбү алынды, демонтаж иштери уланууда. Бул арада өлкөдө накталай акча тартыш жана банкоматтарда ири кезек жаралууда.

Фарап районунда 19 банкомат болсо, алардын алтоо гана иштөөдө. Дарганата аймагында 27 банкоматтын ичинен 8и гана калды.

Банкоматтарда кезек күткөндөр урушуп кеткен учурлар көп. 28-декабрда Гызыларват шаарында жаалданган топ кырдаалды көзөмөлдөп турган полиция кызматкерлерин сабап салган.

Түркмөнстанда банкоматтарды алуу жараяны быйыл жайында башталган.

Өлкөдө пластик карталардан акча чыгарып алууга чектөө киргизилген.

Автор

Контактный адрес

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: город Жалал-Абад улица Ленина 17