Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ВНИМАНИЕ! УВАЖАЕМЫЕ ЮРИДИЧЕСКИЕ И ФИЗИЧЕСКИЕ ЛИЦА!
1,015 total views Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин 22-февралда өтө турган жыйынында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын камалышына байланыштуу Орусияга жаңы санкцияларды киргизүү маселеси талкууланат. Брюсселде 27 өлкөнүн дипломаттарынын жолугушуусунда орусиялык аткаминерлердин жана уюмдардын активдерин тоңдуруу, виза берүүгө тыюу салуу чаралары каралышы мүмкүн. Бул кадамдын алдында ЕБдин ичинде бир нече жума талкуу өткөн. Навальный […]
1,016 total views Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин 22-февралда өтө турган жыйынында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын камалышына байланыштуу Орусияга жаңы санкцияларды киргизүү маселеси талкууланат. Брюсселде 27 өлкөнүн дипломаттарынын жолугушуусунда орусиялык аткаминерлердин жана уюмдардын активдерин тоңдуруу, виза берүүгө тыюу салуу чаралары каралышы мүмкүн. Бул кадамдын алдында ЕБдин ичинде бир нече жума талкуу өткөн. Навальный […]
ЕБ НАВАЛЬНЫЙДЫН КАМАЛЫШЫНА БАЙЛАНЫШТУУ ОРУСИЯГА ЖАҢЫ САНКЦИЯ КИРГИЗҮҮНҮ ПЛАНДООДО
22.02.2021 / Автор aymak1,017 total views
Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин 22-февралда өтө турган жыйынында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын камалышына байланыштуу Орусияга жаңы санкцияларды киргизүү маселеси талкууланат.
Брюсселде 27 өлкөнүн дипломаттарынын жолугушуусунда орусиялык аткаминерлердин жана уюмдардын активдерин тоңдуруу, виза берүүгө тыюу салуу чаралары каралышы мүмкүн. Бул кадамдын алдында ЕБдин ичинде бир нече жума талкуу өткөн.
Навальный ага кол салуунун артында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Федаралдык коопсуздук кызматы турат деп эсептейт. Кремль бул айыптоолорду четке кагып келет.
Октябрда ЕБ Навальныйдын «Новичок» заты менен ууландырылышына байланыштуу орусиялык алты аткаминерди кара тизмеге киргизген.
Орусияга карата жаңы чара көрүү чечими кабыл алынса, тышкы иштер министрлер ЕБнын дипломатиялык кызматтарына Навальныйдын камалышына, ууландырылышына тиешеси бар кишилердин тизмесин түзүүнү тапшырышат.
Алексей Навальный былтыр августта Омск шаарында ууландырылган соң, Германияда дарыланып аман калган. Ал өткөн айда Германиядан дарыланып келээри менен “Шереметьево” аба майданында камакка алынган.
WWW
Автор aymak
-
21.12.2013 / Автор Orozaly 100 самых богатых людей Кыргызстана.
-
-
22.12.2013 / Автор Orozaly САЛАТ “ЛЕШИЙ”
-
18.02.2019 / Автор aymak В ЗДОРОВОМ ТЕЛЕ – ЗДОРОВЫЙ ДУХ!
-
-
Газета “Аймак”
О нас
Контактный адрес
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: город Жалал-Абад улица Ленина 17
Для отправки комментария вам необходимо авторизоваться.