Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ВНИМАНИЕ! УВАЖАЕМЫЕ ЮРИДИЧЕСКИЕ И ФИЗИЧЕСКИЕ ЛИЦА!
946 total views БИШКЕК. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) алдамчылыкка күмөндүлүп жаткан аял Президенттикке талапкер Курсан Асановдун жубайы экендигин жар салды. Курсан Асановдун жактоочусу Таалайгүл Токтакунова анын жубайы Күлнара Үсөнканованы шектүү деп атоо таптакыр туура эмес экенлигин билдирди: – Айтылуу Кой-Таш окуясынан бери Курсан Асановдун жубайы укук коргоо органдарына көп жолу чакырылып, мунусу аз келгенсип, […]
947 total views БИШКЕК. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) алдамчылыкка күмөндүлүп жаткан аял Президенттикке талапкер Курсан Асановдун жубайы экендигин жар салды. Курсан Асановдун жактоочусу Таалайгүл Токтакунова анын жубайы Күлнара Үсөнканованы шектүү деп атоо таптакыр туура эмес экенлигин билдирди: – Айтылуу Кой-Таш окуясынан бери Курсан Асановдун жубайы укук коргоо органдарына көп жолу чакырылып, мунусу аз келгенсип, […]
УКМК КУРСАН АСАНОВДУН ЖУБАЙЫН ШЫЛУУНДУККА АЙЫПТАДЫ. ГЕНЕРАЛДЫН ОРДУНА ЖАКТООЧУСУ ЖООП КАЙТАРДЫ
08.01.2021 / Автор aymak948 total views
БИШКЕК. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) алдамчылыкка күмөндүлүп жаткан аял Президенттикке талапкер Курсан Асановдун жубайы экендигин жар салды.
Курсан Асановдун жактоочусу Таалайгүл Токтакунова анын жубайы Күлнара Үсөнканованы шектүү деп атоо таптакыр туура эмес экенлигин билдирди: – Айтылуу Кой-Таш окуясынан бери Курсан Асановдун жубайы укук коргоо органдарына көп жолу чакырылып, мунусу аз келгенсип, ага карата ар кандай айыптарды тагуу аракеттери күчөдү. Президенттикке талапкердин баласы дагы атасынын ишмердүүүлүгү үчүн жапа чегип жатат.
УКМК ушул жылдын 7-январында Президенттикке талапкерлердин биринин жубайына карата сотко чейинки териштирүү иши башталганын жарыялаган эле. Анда шектүүнүн аты-жөнү жана кайсы талапкердин жубайы экендиги ачык жазылган эмес.
Жазык Кодексинин 204-беренесинин негизинде А.О деген жарандын арызынын негизинде У.К инициалындагы кыргызстандыкка карата сотко чейинки териштирүү иши башталып, Кылмыштар менен Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ал ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн шек саналып, 2017-2018-жылдарда арыз жазган чет элдик ишкерден жалпы бизнес жүргүзүү максатында 5 миллиондон ашык доллар алып, аны таптакыр кайтарбай жаткандыгы жазылган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, иш мындан ары териштирүү үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилди.
Президенттикке талапкер Курсан Асанов жана анын жубайы Күлнара Үсөнканова УКМКнын маалыматына комментарий берише элек. Курсан Асанов 6-январда КТРКда өткөрүлгөн дебатта өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн укуктары бузулуп жаткандыгын канкакшаган. Бирок, милициянын генералы кеп төркүнү кайсы иш боюнча экендигин тактаган эмес.
Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”
Автор aymak
-
21.12.2013 / Автор Orozaly 100 самых богатых людей Кыргызстана.
-
-
22.12.2013 / Автор Orozaly САЛАТ “ЛЕШИЙ”
-
-
-
11.08.2020 / Автор anarkan_kg ЦИК КР ВЫНЕС ПРЕДУПРЕЖДЕНИЕ ПОЛИТИЧЕСКОЙ ПАРТИИ «ЧОН КАЗАТ»
Газета “Аймак”
О нас
Контактный адрес
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: город Жалал-Абад улица Ленина 17
Для отправки комментария вам необходимо авторизоваться.