Аймак

КЫРГЫЗДЫН КЫМБАТ БУЛБУЛУ

КЫРГЫЗДЫН КЫМБАТ БУЛБУЛУ

 1,485 total views

Ырысбай деген ким эле,

         Ырыстуу ырдын Пири эле.

         Кыргыздын кымбат Булбулу,

         Кылымда келет бир эле…

                   Шайлообек ДҮЙШЕЕВ,

                   Кыргыз Эл акыны

         Залкар обончу, таланты таш жарган композитор Рысбай АБДЫКАДЫРОВ арабызда тирүү турганда быйыл туптуура 80 жашка толмок. Ошентсе дагы, маркумдун ысымы ыйгарылган Ош облустук филармониясында бул ирет улуу-кичүү замандаштары көзүн жаштап, эстелигине гүлчамбар коюшуп, кайталангыс генийди жылуу-жумшак эскеришти.

  • Кайран Рысбай көп кырдуу талант эле, – деп үшкүрүнө эскерди

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү комузчу Саадабай Шабданов. –  Муну эми гана ачык айтууга сааты жетти өңдөнөт. Жеткен манасчы болчу. Мунусун кайдан билели. Бир жолу атайын Программага коштуруп, Рысбай эки жарым гана мүнөт “Манас” эпосунан үзүндү айтасың деп, кулагына утуру кумча куюп атып, сахнага көндүрүп чыгарганбыз. Балээниби?  Образга абдан катуу кирип алгандыктан, беш мүнөттөн кийин Абдыкадыровду көрөрмандарга утуру кол чаптырып жатып, сахнадан араң түшүргөнбүз. Анын төкмөлүгүндө дагы, чынында, айып жок эле. Мындан тышкары кыяк тартып, мандалин, домбра, комуз чертип, пианинодо катыра ойночу.

  • Аттиң, арман… Өз убагында колдо бар алтындын баркы жок болуп

калбадыбы, –  деп агынан жарылды Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн биринчи орун басары Бакыт Алайчиев. – Залкардын мээнети көзү тирүүсүндө деле бааланган жок! Биз азыр гана кайталангыс талант Рысбай Абдыкадыровго Кыргыз Эл артисти, Кыргыз Эл Баатыры ардак наамдарын ыйгаруу боюнча Президенттин, Өкмөттүн алдына маселени кабыргасынан коюп жатабыз.

  • Быйыл, куда кааласа, Рысбай Абдыкадыровдун 80 жылдыгынын

урматына залкардын он-лайн концертин уюштурабыз, – деп сүйүнчүлөдү Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков. – Буга улай “Рысбай Абдыкадыров сүрөтчүлөрдүн көзү менен” сынагын жарыялайбыз. Ошондой эле Рысбайдын поэзия дүйнөсүндөгү образына дагы күбө болобуз. Эң акырында Рысбайга окшотуп, аны кынтыксыз туурап ырдагандар арасында сонун жарыш-сынак уюштурабыз.

          Ошентип, көөнөргүс таланттардын ээси Рысбай Абдыкадыровдун 80 жылдык мааракесин тээ май айында киндик каны таамп, өзү өсүп-чоңойгон кичи Мекенинде – Кара-Кулжа районуна караштуу айтылуу Ажике жайлоосунда кенен-чонон белгилөө катуу мерчемделип жаткан чагы. Ага дейре Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда залкар таланттын түрдүү обондору байма-бай жаңырып турмакчы…

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Контактный адрес

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: город Жалал-Абад улица Ленина 17