Аймак

КАЛКТЫН 89 ПАЙЫЗЫ ТАЗА СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛДУ

КАЛКТЫН 89 ПАЙЫЗЫ ТАЗА СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛДУ

 897 total views

СУЗАК. Сузак районунун калкынын 89 пайызы таза суу менен камсыз болду.  Ага облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, район акими Төрөгелди Түркбаев, айыл өкмөт жана меке-ишканалардын жетекчилери катышты.

Өткөн жылы Сузак районунда 21 млн. 948 миң сомдук таза суу долбоору ишке ашырылган. Анын 7 млн. 567 миң сому жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Калган сумма тургундардын жана донордук уюмдар тарабынан берилген. Жалпы узундугу 32,9 чакырым аралыкка түтүктөр жаткырылып, 13 суу скважина капиталдык ремонттон өткөн. Экөө жаңыдан ишке берилген. Район боюнча республикалык дем берүүчү грантка жазылган 7 долбоор жактырылган. Анын суммасы 19 млн. 976 мин 600 сом болуп, басымдуу социалдык объекттерге жумшалган.

Аймакта пандемиянын кесепетинен бир катар тармактардын өсүү ыргагы артта калган. Алсак, район боюнча регионалдык дүң продукциянын көлөмү 14 млрд. 537 млн. 937 миң сомду түзгөн. Бул жалпы эсептин 88,8 пайызын ээлеген. Ал эми өнөр жай, кызмат көрсөтүү, товар жүгүртүү жана курулуш жаатындагы жумуштар солгундаган. Экономикалык өсүштөр айыл чарбасында 103,2 пайызды камсыздаган.

Райондо жыл ичинде 5 миң 366 жумуш орундары түзүлгөн. Ачылган жаңы ишканалардын саны 4. Өткөн жылы 1 миң 283 үй-бүлө жакырчылыктан чыгарылып, 218 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алынып берилген.

Жыл жыйынтыгын уккан облус өкүлү райондун социалдык маселери арбын экенин белгиледи. 2021-жылы бардык тармактарга болгон көзөмөл күчөтүлөөрүн айтып, кызматкерлерге ийгилик каалады.

Коллегиянын соңунда алдыңкы мекеме-ишканалар жана кызматкерлер сыйланды.

“АЙМАК”

Автор

Контактный адрес

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: город Жалал-Абад улица Ленина 17