Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
Кыял ишке ашканда
02.04.2014 / Автор Orozaly2,395 Бардыгы /
Санабардын таттуу жана унутулгус балалык учуру Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Кыштак айылында өттү. Болочок кесибин тандап алуусуна өзүнө таалим-тарбия берген мугалим эжейлеринин таасири чоң болгондугун алигече унутпайт. Ары сымбаттуу, ары сулуу, өздөрүндайыма тыкан алып жүрүшкөн келбеттүү эжейлери сабак өтүпжатканда, Санабар балалык кыялында “мен дагы келечекте сөзсүз мугалим боломун!” деп, аруу тилек кылчу. Максатына жетүүүчүн жакшы окуу керектигин көкүрөгүнө бекем түйгөн айылдык кыз орто мектепти эңжакшы деген баалар менен аяктады.
Санабар Сулайманова 2001-жылы ЖАМУнун филология факультетин ийгиликтүү аяктап, кыргыз тили жана адабияты сабагынын адиси болуп калды. Алгач эмгек жолун 1997-жылы Сузак районундагы Барпы айылындагы Т.Байзаков атындагы орто мектептен баштады. Кийин Таштак, азыркы Темирбаев атындагы гимназия мектебинде эмгектенди. Кайсыл жерде иштебесин, сабак өтүүдө университеттик жогорку билимин өзалдынча дагы окуп өркүндөтүп, чогуу иштешкен тажрыйбалуу мугалимдердин мыкты иш-тажрыйбаларын өзүнө сиңирди. Окуучуларга сабак өтүүнүн алдыңкы усулдарын улам тереңдетип, өздөштүрүп барды. Ал эми 2001-жылдан тартып, С.Сулайманова Сузак районуна караштуу Октябрдын 40 жылдыгы атындагы орто мектепте иштейт. Азыр тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары болуп иштеп жатат. Ар кыл улуттардын башын бириктирген мектептин педагогдор жамааты өтө ынтымактуу.
-Барпынын “Мөлмөлүм” аттуу чыгармасын бир гана кыргыз поэзиясынын эмес,жалпы Чыгыш элдеринин поэзиясынын туу чокусу деп санаймын. Бул ыр кыргыз тилинин эңбай тил экендигин таасын айгинелеп, поэзиянын кереметтүү күчүнушунчалык даңазалап, көкөлөтүп берип турат. Мен балдарга сабак өтүүдө улуу кыргыз акындары менен жазуучуларынын чыгармаларына таянамын. Кыргыз тили мамлекеттик расмий статус алганына быйыл 25 жыл болот. Бирок, бул багытта аткара турган иштерибиз дале көп. Мени мугалим катары жаштарыбыздын чет тилдерди терең үйрөнүп жатышкандыктары өтө кубантат. Ошол эле кезде эне сүтү, бешик ыры менен берилген эне тилин айрым жаштарыбыздын жакшы биле бербегендиги мени аябай өкүндүрөт,- дейт Санабар Сулайманова.
“Мугалим — мөмөлүү дарак” дегендей , бул кесип дүйнөдөгү эң ардактуу жана сыймыктуу кесип. Өсүп келе жаткан жаш муундарга терең билим, татыктуу таалим – тарбия берүү, эгемендүү мамлекетибиздин эртеңки келечеги жана жаратуучулары азыркы окуучулардын колунда экендигин жакшылап, аңдап туйсак, мугалимдердин түйшүктүү ишине башыбызды ийип, таазим этишибиз зарыл. Ар дайым бар болгула, эч качан талбагыла, менин сүйүктүү мугалимдерим!
Өз кесибинин чыгаан устаты Санабар Сулайманова арналган чакан баянды таасын акын Жолон Мамытовдун төмөнкү ырсаптары менен аяктоону туура көрдүм.
“Сен окшошсуң асмандагы жылдызга,
Жок, жок, жалган, жылдыз өзү сага окшош!”
Динара КЕРИМОВА,
Сузак району
Автор Orozaly
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
12.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ПРЕЗИДЕНТ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНА БАРАТ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17




You must be logged in to post a comment.