Аймак

Кош жылдыз күйгөн жагылып

 7,597 Бардыгы /

Кош жылдыз күйгөн  жагылып

Базарбай Мадоморов- Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында туулган. 1987-жылы Жалал-Абад шаарындагы Маданият техникумунун орус эл улуттук аспаптар оркестри бөлүмүн бүтүргөн. КРнын маданиятынын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланган, КРнын Маданият министрлигинин Ардак грамотасынын ээси, Нооруз-91 эстрадалык конкурсунун жеңүүчүсү, Ош 3000 медалынынээси, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жана Сузак районунун ардактуу атуулу. Областтык Т.Тыныбеков атындагы филармониянын көркөм жетекчиси.

Чынара Дооранова – Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында туулган. 1987-жылы Жалал-Абад шаарындагы Маданият техникумунун театралдык режиссёрдук бөлүмүн бүтүргөн. КРнын Президентинин Ардак грамотасынын ээси, КРнын маданиятынын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланган, Ысык-Көл, Жалал-Абад“Азем түндөрү” фестивалынын дипломанты, А.Бедияровдун ырлары боюнча конкурсунун “Гран-При”сыйлыгынын жеңүүчүсү, Мыскал Өмүрканова атындагы республикалык сыйлыктын жеңүүчүсү. Кызыл-Туу айылөкмөтүнүн жана Сузак районунун ардактуу атуулу.
Мезгил зымырап учкан куш деген сөз тегин жеринен айтылбайт тура. Базарбай менен Чынаранын бирге кол кармашып, элибиздин ырга болгон күсөө-черлерин жазышып, чыгармачылыкта эриш-аркак иштеп келе жаткандарына билинбей эле 33 жылдын жүзү болуп калыптыр. Айтканга гана оңой болбосо, бул жылдардын аралыгында канчалаган түйшүктүү эмгек, чыгармачылыктагы азаптуу жана татаал изденүү менен түн уйкуларын бузган түйшөлүүлөр, өнөр жаатында өздөрүнүн татыктуу ордуларын табуудагы тынымсыз эмгектенүүнү жатат. Бүгүнкү күндө кайталангыс жагымдуу мукам үндөрү менен эл оозуна алынган кош жылдыз таланттар эл-журтка отчёттук концерттерин тартуулоонун алдында турушат.

-Базарбай мырза, Сиздин чыгармачылыгыңызга шык берген ким болду эле?

– Атам Разакул жылкычы болчу. Анан жыл сайын жайлоого чыгаар элек. Менин жердешим жана агам, КРнын Эл артисти Арзыбек Бедияров биз жайлоого чыкканда ар дайым бир айга барып, эс алып келүүчү. Анда менин балалык кезим, Арзыбек акем аккордеондо кол ойнотуп, мукам үнүн созгондо ушунчалык тамшанып, суктанчумун. Анан атамдын мылтыгын “убактылуу аккордеонго” алмаштырып, колумдан келсе-келбесе дагы тырбалаңдап, ойногонгоаракеткылчумун. Кийинмаданияттехникумунбүткөндөнкийин Сузак райондук маданият бөлүмүнүн алдындагы “Көк-Арт кайрыктары” ыр-бий ансамблинде КРнын Эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Тайырбек Сатыбалдиев, Көк-Арт өрөөнүндөгү белгилүү төкмө, өзүмдүн жакын абам Абыл Ырсалиевдер менен бирге иштешип калдым. Ошол эле Арзыбек Бедияров, Муктар Кырбашев кеп-кеңештерин аябай, менин устат насаатчыларым болуп калды. Менин чыгармачылык жактан такшалып, өсүпөнүгүүмөТ.Тыныбеков атындагы областтык филармониянын директору, КРнын Эмгек сиңирген артисти Дүйшөн Молдобаевдин кошкон салымы дагы опол тоодой экендигин жашырбаймын.

-Чынара айым менен студенттик кезден эле тааныш турбайсыздарбы…

– Ооба, чогуу окуп, анан жылдыздарыбыз төпкелишип, арзуу тилек менен башкошконбуз. Азыр эки уул, бир кызыбыз бар. Сүймөнчүктүүэки неберенин чоңата, чоңэнесибиз. Турмушта бири-бирибизди сүйөп, таяпкелебиз. Чыгармачылинсанболгондуктанбири-бирибиздикөзкараштантүшүнөбүз. БалабызИляскесибибоюнчабанк кызматкери, бирок бүгүнкү күндө оозго алынып калган белгилүү оранжировщик. Кызыбыз Гүльназ болсо Улуттук консерваторияда классикалык вокаль бөлүмүндө 5 курста окуп жатат. Окуу менен ишти айкалыштырып, А.Малдыбаев атындагы улуттук опера балет театрынын хорунда ырдайт. Биздин жолубузду ушул кызыбыз өз каалоосу менен тандап алды. Ал эми көкүрөк күчүгүбүз болгон кенжебиз Курмангазы11-класста окуп жатат. Келинибиз Бегимай Өзгөн районунун Куршап айылынан болот. Аябай ыр жандуу, азыр балдарын тарбиялап жатат.

– Жаңылбасам, Чынара экөөңөрбирканча топтордо чогуу иштеп калдыңыздарокшойт…

– Ырас, чыгармачыл инсан болгондуктан көпэлетоптордоиштедик. Атапайтсам “Аракет”, “Мурас”, “Күлгүнжаш”, “Жыргал”, “Достук”, “Жаңырык” жана “Ак жол” эстрада топторунда эмгектенип, Кыргызстандан сырткары Өзбекстан, Россия жана Туркия мамлекеттеринде өткөрүлгөн ар кандай фестивалдарга катышып, байгелүүорундардыкамсыз кылдык. Эң башкысы көп жерлерди кыдырып, чыгармачылык таза атаандашуучулуктан бай тажрыйба топтодук.

– Базарбай мырза, айыл жеринде эле өсүп чоңойдуңуз, ата-энеңиз сиздин тандап алган жолуңузгакандай карашты?

– Элибизде эл чыгаандары элеттен чыгат деп коёт эмеспи. Жөнөкөйэлемисал катары алып көрсөк, КРнын Элартисттери Шахра Талипова, Арзыбек Бедияров, Жолболду Алибаевдер айыл жеринде эле өсүшүп, өздөрүнүн нукура таланттары менен ушундай бийик жана улуу даражага жетишти. Атам раматылык, Разакул өз мезгилинин белгилүү санжырачысы болгон. Биздин таалайыбыз жана ардактуу кутубуз болгон апам Жума азыр 85 жашта. Ата-энем бизди такай колдоп гана келишти. Алмакан эжем созолонтуп ырдаса уккандар ыраазы болушат. Агам Кутман дагы аккордеондо ойноп, жакшы ырдайт, бирок көртириликтинайынан өнөрлөрүнөркүндөтө албай калышты.

– Базарбай мырза, улутту улут кылган анын тили жана маданияты деп коюшат. Дегеле өнөр адамдарынын эмгегин жана талантын баалоо жагына бизде жеткиликтүүмааниберилипжатабы?

– Улуттун биринчи белгиси анын тили, ал эми аны байытып жана сактап келген маданияты деп билемин. “Манас” үчилтиги кыргыз элинин тилин гана сактабастан, байыркы маданиятын дагы сактап келди. Ошондуктан тил менен маданиятты бөлүп кароого түк болбойт. Кыргыз элинин кыйындыгы менен айкөлдүгүн дагы бир салыштыруу менен байкап көрсөк болот. Американын долларында жалаң президенттердин сүрөттөрү чагылдырылган, ал эми биздин улуттук валютабыз болгон сомубузда болсо кыргыз элинин белгилүү өнөр адамдарынын сүрөттөрүнүн коюлушунун өзү эле кыргыздар таланттууларды ар дайым даңктап, кадырлап ардактай тургандыгын айгинелеп турат.

Эмгек жамаатыбыз менин жана таланттуу комузчу Токтомурат Осмоналиевдин документтерин мамлекеттик сыйлык комиссиясына беш жыл катарынан КРнын Эмгек сиңирген артисти наамына сунуштап, колдоп жөнөтүштү. Айлажок, “кардыма эмес, кадырыма ыйлаймын” болуп, акыры түңүлүп деле калдык. Мен буга капа деле болбоймун. Негизи эң жогорку сыйлык жана наам элдин баасы деп ойлоймун. Кайда барбайлы, элибиз бизди жакшы маанайда тосуп алышат. Улуу жана кайталангыс, эч көөнөрбөс талант Р.Абдыкадыровдун эмгеги деле учурунда адилет бааланбастан, КРнын Эл артистин албай кете бербедиби. “Күлүк күнүндө, тулпар тушунда” дегендей таланттарды өз убагында колдоп, сүрөп турушса жакшы эле болмок.

– Саясатка көз карашыңызкандай?

-Акыркы жылдары Кыргызстан өтө эле саясатташып кетти. Бүгүнкүкүндөбизсаясийпартиялардынсаныбоюнчаатактуу Гиннес китебине кирдик окшойт. Өнөржайды, элчарбасын ойлогон саясатчы жок. Колунан келеби, же келбейби баары эле бийликке жеткиси келишет. Анан кайдан бизде өнүгүү болсун? Мен өнөр адамы катары саясаттан аябай тажадым. Саясатты сасык кылган, элдин башын айланткандар саясатчы “сөрөйлөр” болуп калды.

– Чынара айым, балалык кез, ата-энеңиз тууралуу кеп курсаңыз?

– Балалык кезим Ал-Бука районунун Сары-Талаа айылында өттү. Киндик каным тамган кичи мекеним мен үчүныйыкжер, анан дагы жерсоорусу. Балалыкчагымда телевизор менен радиодон белгилүү ырчылар ырдаганда, кунт коюп угуп, алар мен үчүн кол жеткис, эң бактылуу адамдар сыяктуу сезилчү. Кыялымда мен дагы ушундай инсандардан болсом деп тилек кылаар элем. Атам Базаралы менен апам Бурулбү 13 уул-кызды тарбиялап өстүрүштү. Апам Баатыр эне.Үй-бүлөбүздөн иним Сейит Улуттук консерваторияда билим алып, флейта адистиги боюнча бүтүргөн. Турмуш шарт, көр тиричилик, чыгармачылык менен алпурушуп жүрүп, туулган айылыма кем каттап калдым. Бирок, барып калганымда ата-энем, тууган-уруктар жана колу-коңшулар, классташ курбуларым менен баарлашуунун өзү мен үчүн улуу майрам. Өнөр кесибин тандап алуума ата-энем ар тараптан колдоолорун гана көрсөтүштү. Өзүм бүгүн эки неберенин чоң энеси болуп калсам дагы ата-энем үчүн мен дале бала бойдонмун.

– Биз билгенден сиз бир ок менен эки коёнду атып жатасыз. Айтайын дегеним ырчы аткаруучу жана актриса дагы болуп иштеп келе жатасыз…

– Мактангандай болбоюн, бирок бул эки кесип, мен үчүн куштун эки канатындай бирдей жана ардактуу, ыйык болуп саналат. Дегеле сахна турмушу, мейли ал ырчыбы, же актрисабы бирдей жооптуу милдет жана ыйык болуп саналат. Анткени сенин өнөрүңдү жана талантыңды көрөрмандар, эл бааласын. Мен өзүмдүн өнөр адамы катары калыптанышыма КРнын Эл артисттери Шахра Талипова менен Арзыбек Бедияровдун салымдары чоң болду деп санаймын жана аларды устаттарым катары туу тутамын. Ал эми театр жаатынан КРнын Эмгек сиңирген артисттери Бакыт Жумалиев менен Шайыр Мамбетова ар дайым кеп-кеңештерин берип турушат. Областтык Барпы театрынын директору Бахпурбек Аленов дагы такай колдоп келе жатат.

-Өткөн жылы Турцияга Эл аралык фестивалга барып келген турбайсызбы…

– Ырас, былтыр Турциянын Стамбул жана Амасия шаарларында фольклордук Эл аралык “Достук” фестивалы өтүп, ага дүйнөнүн 13 мамлекетинен өнөрпөздөр катышышты. Кыргызстандан барган таланттардын концерттери зор ийгилик менен өттү деп сыймыктануу менен айтааламын. 12 күнгө созулган Эл аралык фестивалдын жүрүшүндө бизди бардык жерде жакшы маанайда тосуп алышып, койгон концерттерибиз чоң аншлагдар менен өттү.

Тагдыр таалайы табыштырган таланттуу кош жылдыз, ырчы, актер, аткаруучулар жана шыктуу алып баруучулар Базарбай Мадоморов менен Чынара Дооранова сөздүн түз маанисинде накта өнөринсандары. Чыгармачылыкты туу туткан жана анын талабын ыйык сактаган бул кош жылдыздын эли-журтубузга кубаныч менен сүйүнүчтү, шаттык менен наздуулукту, чоң ишеним менен бийик үмүткө байлаган бийик белестери али алдыда.
Элдик таланттарга арналган Абдырасул Эшалиевдин “Кош жылдызга” деген ыр менен азыноолак баяныбыздын соңуна чыгабыз.

Кош обон шаңдуу жаңырып,
Дүркүрөп колдор чабылып.
Базарбай менен Чынара,
Кош жылдыз күйгөн жагылып.

Көтөрүп өнөр байрагын,
Булбулдай Чынар сайрагын.

Таалайдай таңшыптаңдагы,
Тарта бер ырдын каймагын.
Изденип талбай жолду ула,
Күнсанап өсүптолгула.
Бак конгон Ат-Журтуңда,
Кош жылдыз аман болгула!

Жолдошбай ОСМОНОВ, журналист

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17