Аймак

“МАНАС” СТЕЛАСЫ АЧЫЛДЫ

“МАНАС” СТЕЛАСЫ АЧЫЛДЫ

 6 Бардыгы /

Кечээ, 11-октябрда Манас шаарындагы Аюб-Тоодо «Манас» стеласынын ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Жаңы стеланын бийиктиги 8 метрди түзүп, демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.

Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү демилгесин Жогорку кеңеш 10-сентябрда жактырып, өлкө башчы 17-сентябрда кол койгон жана мыйзам 27-сентябрда күчүнө кирген. Буга байланыштуу калаадагы “Жалал-Абад” деген стела “Манас” болуп өзгөртүлдү.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17