Аймак

ЭАУда 1-КУРСТАРГА СТУДЕНТ НААМЫН ЫЙГАРУУ САЛТАНАТЫ ӨТТҮ

ЭАУда 1-КУРСТАРГА СТУДЕНТ НААМЫН ЫЙГАРУУ САЛТАНАТЫ ӨТТҮ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 15-октябрда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас ш.) 1-курста билим алган жаштарына студент наамын ыйгаруу салтанаты өткөрүлдү.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү &коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, ар бир студент үчүн эң алгачкы жана маанилүү майрамы катары студент наамын ыйгаруу салтанаты болуп эсептелет. Расмий бөлүгүндө университеттин ректораты 1-курс студенттерин алгачкы студенттик майрамы менен куттуктап, алардын өкүлдөрүнө символикалык билим ачкычын, студенттик билетти жана сынак китепчесин тапшырды. “ЭАУнун 1-курсунун студенттерин студент наамынын ыйгарылышы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана окуусунда ийгиликтерди каалайбыз!” -деп ректорат тараптан куттуктоолор айтылды.

Андан кийин ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору майрамдык концерт тартуулады. Концертте окуу жайдын чыгармачыл студенттери шаңдуу ырларды, улуттук жана заманбап бийлерди, учкул тамашаларды тартуулашты. Жалпысынан аталган салтанат окуу жайдын мыкты салттарында өткөрүлдү.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17