Аймак

“БИР АДАМДАН БИР КИТЕП” ДОЛБООРУ АЛКАГЫНДА ЧАКАН КОНЦЕРТ ТРЕНИНГ

 165 Бардыгы /

Бүгүнкү күндө актуалдуу болуп жаткан “Бир адамдан бир китеп долбоору Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл аймагынын Тенги айылындагы №24 Токтогул атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде болуп өттү.

Иш-чараны мектептин директору С.Жороева сөз сүйлөп окуучуларга китепке болгон кызыгууларын арттыруу максатында көптөгөн маалыматтарды айтып ачып берди. Иш- чарага келген коноктор “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун жетекчиси Бакыт Камчыбек уулу, Бекболот Жолдошбеков (“Мейкиндигим” китебинин автору, Москва коомдук бирикмесинен) жана “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун ыктыярчылары (алардын ичинде биздин мектепти аяктап кеткен Акимова Гулмейиз кызыбыз да бар) келип күбө болуп кетишти. Трениннге 7-11-класстын окуучулары, мугалимдер, ата-энелер комитеттери жана айылдын активист ата-энелери катышышты.

Бакыт Камчыбековко сөз кезеги берилип жаштарга, залда отурган көрүүчүлөргө жакшы кеп кеңештерин кенири окуялар аркылуу айтып берди  жана ошонун ичинде эле биздин мектептен чыккан “Жигердүү жаштар” атуу тобубузга ыраазычылык кат тапшырылды. Алар биздин активист кыздарыбыз 10-классынын окуучулары Элмара Топчуева жана Улманай Абдимжитова. Андан кийин эле Бекболот Жолдошбековго сөз кезеги келип, ал дагы жаштарга пайдалуу көп нерселерди жана эң негизгиси максат коё билгенди жана ошол максатка умтулууну айтты.

Бийлесе тал чыбыктай ийилип,

Кечебизге бир өзүнчө көрк берип.

Кыргызымдын ажарлуу бир кыздары,

Кубантышат чимирилип бийлешип– демекчи биздин ажарлуу кыздарыбыз чимирилишип бийлеп беришти. Ушул кыскача иш-чараны көрүү үчүн үйүндөгү ишин таштап келген ата-энелерге сөз берилди. Алар да окуучуларга өз каалоо тилектерин айтышты.

Мектептин китепканасына өздөрүнүн атынан 10 китепти белекке беришти. Ал эми келген китеп сүйүүчүлөрдөн өздөрүнүн китеп текчелеринен алып келинген саны 230 китеп топтолду. Алардын ичинен Ош мэриясында иштеген Ж.Сулайманкулов да өзү окуп кеткен мектебине бир нече китептерин жана Г.Турдуматова да Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” китебин белекке беришти.

“Бир адамдан бир китеп” долбоорунун ыктыярчы кыздары сатыкка китеп алып келишкен, ал китептерди каалоочулар сатып алып, кааласа мектептин китепканасына койсо же жеке өзүнө сатып алса дагы болот. Ал сатыкка келген китептерди көбү  кызыгып сатып алышып, мектеп китепканасына койгондор да болду.


С. ЖОРОЕВА,№24 Токтогул атындагы орто мектебинин директору, Ала-Бука району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17