Аймак

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНА ЖАҢЫ ӨКМӨТ БАШЧЫ ДАЙЫНДАЛДЫ

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНА ЖАҢЫ ӨКМӨТ БАШЧЫ ДАЙЫНДАЛДЫ

 429 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын башчысы болуп Исабеков Бакытбек Ниязбекович дайындалды. Бул тууралуу Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Исабеков Бакытбек Ниязбекович -Чаткал районунун Жаңы- Базар айылында туулган. Ак-Таш айылдагы ” Жаш -Тилек” орто мектебин ийгиликтүү аяктап,

1996-2001-жылдары Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия институтунун Жалал-Абад филиалындагы педагогика факультетинин дене тарбия адистиги боюнча мугалимди бүтүргөн. Эмгек жолун Чаткал районунун Ак-Таш айылындагы Усупбек уулу Кубатбек атындагы орто мектебинде дене тарбия мугалими болуп баштаган. Аталган мектепте директордун тарбиялык иштери боюнча орун басары, Айгыр-Жал айылынын Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинин директору, Чаткал райондук көркөм өнөр мектебинин ийрим жетекчиси, балдар чыгармачылык үйүндө ийриминин жетекчиси, балдар чыгармачылык үйүнүн окуу бөлүмүнүн башчысы, Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы кызматтарын аркалап, 2022-жылдын 18-августунан Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалган. Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17