Аймак

ӨМҮР БИЗДЕН ӨТҮП КЕТСЕ, ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРЕТ.

ӨМҮР БИЗДЕН ӨТҮП КЕТСЕ, ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРЕТ.

 7,931 Бардыгы /

Дүйнөгө кимдер келип, кимдер кеткен,

Бийлиги, байлыгы да менде дешкен.

А бирок элим деп, келечек деп,

Аттиң ай, беш күнчүлүк бул өмүрүң

Чынында бир кем дүйнө, бир кем экен.

….Сөз кылуучу адамыбыз арабызда жок. Тирүү  болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Эгерде бул инсандын басып өткөн жолуна көз салсак, төбөсү бийик көрүнгөн, өз учурунун билимдүү уулдарынын бири экендигине ынанабыз.

Бүт өмүрүн, башкача айтканда 44 жыл мугалим болуп,  анын 7 жылын директор, 15 жылын окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Райондогу эң биринчи жогорку билимдүү, районубузда алгачкы агартуу тармагында иштеген курч сөздүү, эч нерседен тайманбаган кадырлуу агайыбыз -Низамидин Бекменбетовду эскерип олтурабыз.

Ал чыгаан окутуучу, алдыңкы мугалим К.М.У.У-нин филология факультетинин биринчи бүтүрүүчүсү болгон. Алгач 1953-жылы №1 Ала-Бука орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим болуп эмгектенүү менен баштаган. Ошол жылдан тартып жаштарга билим – тарбия берүүдө бараандуу салым кошуп келген. Анын билим берүүдө кошкон салымы үчүн: “Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президиумунун” “Ардак грамотасы”, 1941-45 -жылдарындагы “Эмгектеги каармандыгы” үчүн медалы, Кыргыз Республикасынын “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси, “Онунчу беш жылдыктын эпкиндүүсү” төш белгилери менен сыйланган. 1965-1970-жылга чейин Райондук кеңештин депутаты болуп шайланган.

Аталган ушул мектепте,

Атыңыз турат илинип.

Эскерип жатат мени деп,

Арбагыңыз калаар сүйүнүп.

Ушул жылдын Ак-Там айылындагы №7 Н. Бекменбетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 25-ноябрь күнү агайдын 90 жылдык эскерүү кечеси болуп өттү. Кечеге алыс – жакындан коноктор, айылдагы бирге окуган, бирге жүргөн теле –теңтуштары, бирге иштеген кесиптештери, мугалимдер чакырылып, райондук билим берүү бөлүмүнөн жана Ак-Там айыл аймагынан өкүлдөр келип катышты.

Кечени алгач мектеп директору Э. Абдырахманова ачып берди. Ал өз сөзүндө агайды эскерүү менен бирге мектепте болуп жаткан алгылыктуу иштер жөнүндө айтып өттү. Ошондой эле агайдын балдары тарабынан мектепке жыл сайын көмөк көрсөтүлүп жаткандыгын айтып ыраазычылык билдирди.

Жакшынын аты калат жаркылдаган,

Жакшыга сөздөр калат айтылбаган.

Сый урмат кала берет сага деген,

Сөз болуп ак баракка жазылбаган.

Агайыбыз арабызда жок болсо да, анын замандаштары, жакын санаалаштары, кесиптештери келип чогу өткөргөн күндөрүн, ишине болгон тактыгын жана мыктылыгын айтып эскерип өтүштү.

Мында: Ак-Там айыл аймагынын башчысынын орун басары Кудайбердиева Назгүл, райондогу билим берүү тармагына эмгеги сиңген жээни Орозалиева Айшакан эжеке, Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчы адиси Саттаров Кабылжан агай жана бирге иштеген бир топ мугалимдер сөзгө чыгып, агайдын асыл сапаттарын, билим берүүдө көрсөткөн эмгеги, сүйлөгөн сөзү, адамгерчилиги жөнүндө бир топ ойлорун айтышып эскеришти.

90 жылдык эскерүү кече мектептин таланттуу окуучулары тарабынан даярдалган музыкалык программа менен коштолду. Мында агайдын басып өткөн жолунан чакан көрүнүш аткарышты. Мындан сырткары ыр, бийлер менен кеченин шаңына –шаң кошулуп көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты. Ошондой эле окуучулар арасында Низамидин агайдын элесине арналган ыр конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, мыкты жазган окуучулар көрүүчүлөргө окуп беришип алкышка татышты.

1-орунду 11-класстын окуучусу Мирлан кызы Малика.

2-орунду 10-классынын окуучусу Жолдошова Жумакан.

3-орунду 5-классынын окуучулары Нуркулова Айгерим жана Акылбек кызы Бибинур ээлешип кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.

90 жыл азыр өтсө да,

Эскерип аны жатабыз.

Элимден дагы чыкса дейм,

Билимдүү сиздей атабыз!

“Адам бекер жаралбайт, ал тирүүлүктүн бир милдетин аткарганы туулат” – деп Алыкул Осмонов айткандай,  талыкпай жаштарга билим берип өттү. Мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими, жаш акын Эркинбай уулу Данияр агайга арнаган ырын окуп берди.

Н. Бекменбетов агайдын 90 жылдык мааракесине арналат

Ал мезгил, катаал мезгил зарыктырган,

Нечен адам нан таба албай ачка жаткан.

Катаал шартты сүрүп таштап чекеге,

Талыкпастан умтулуп билим алган.

 

Алган билим текке кетпей өмүрүндө,

Окуучуга таалим берди күнүгө.

Талыкпаган, эмгекчил жан экен,

Ак эмгегин арнаган ушул эле.

 

Беш уулду тарбиялап, бөпөлөтүп,

Беш кызды тарбиялап, көкөлөтүп.

Сегизи жогорку билим алып,

Жүрүшөт элине кызмат өтөп.

 

Элине кызмат кылган аты калат,

Ак эмгек иши менен элге жагат.

Үлгүлүү уул, кыздарды өстүртүптүр,

Өчпөстөн тарыхы изи калат.

 

“Баары өтөт түбөлүктүү – жакшы атак,

Жакшы адамдын ишин айтып баркташат.

Сен да өтөсүн калтыр жакшы атыңды,

Атың калса сактаганың даңкыңды”- деп улуу ойчул Жусуп Баласагын айтып кеткендей агайды элибиз эмгектен ар дайым эскерет.

Келген коноктор жаштарга, окуучуларга, уюштуруучуларга жаштарыбыз кайраттуу, душманына айбаттуу, ар намыстуу, акыл эстүү, убадага бек болушсун.

Агайдын арбагы колдоп жаш муундарыбыз ак баталарын беришти.

№7 Н. Бекменбетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Г. Чыныбекова.

 

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17