Аймак

СҮЙҮП ЖҮРДҮМ

СҮЙҮП ЖҮРДҮМ

 3,512 Бардыгы /

Сөзү: Г.Абдылдаеваныкы
Обону: Б.Токтобаевдики
Мен сени ушунчалык сүйүп жүрдүм,
Назданып сүйүү ырын ырдап жүрдүм.
Кечигип көп көрүнбөй калганыңда,
Кусама чыдай албай ыйлап жүрдүм.
Сен болсо сезимимди кордогонсуп
Жаралуу жүрөгүмдө кыйнап жүрдүң.

Адамдар бирөөгө кор, бирөөгө зар,
Деген сөз анык экен акылмандын.
Жолугуп мени сүйгөн бир адамга,
Сен деген жүрөк дартын алып салдым.
Сен эми мен жөнүндө ойлобогун,
Мен сенден ушунчалык алыстадым.
Мен дагы сен жөнүндө ойлобоймун,
Сен менден ушунчалык алыс калдың.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17