Аймак

АЯСАҢ БОЛО, ЖЫРГАЛЫМ

АЯСАҢ БОЛО, ЖЫРГАЛЫМ

 14,564 Бардыгы /

Сөзү:  М.Осмоновдуку
Обону : А.Кадыровдуку
Жанымдан өтсөң жылмайып,
Жалт карайм мен да кылчайып.
Ичтеги сырды айталбай,
Жүрөсүң, айтчы кимде айып?

Өзүңдү жакшы көрөмүн,
Өзгөчө сүйүп жүрөгүм.
Өрт болуп өмүр өтсө да,
Сүттөн ак сага тилегим.

Ойлонуу менен таң атат,
Ойлорум сени саматат.
Жыл өткөн сайын жылт этип,
Жаштыгым өтүп баратат.

Айттырбай билип сырларын,
Ардактап жаштык кырдаалын.
Алагды кылбай көп эле,
Аясаң боло жыргалым.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17