Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
2,225 Бардыгы / Тагдырдын тамашасы эскертпей чабат тура. Анткени кечееги гүлдөп турган гүлдүн бүгүн соолубай турушуна эч ким кепилдик бере албайт экен. Жашоодо канчалык жакшы болуп, өз күч аракетиң менен башкалардан өзгөчөлөнүп турсаң жарыктык менен ошончолук тез коштошот экенсиң. Себеби кече күнү жарык чачып турган чырак, майы түгөнүп бүгүн күйбөй калгандай эле, адам баласы да кечээ […]
2,226 Бардыгы / Тагдырдын тамашасы эскертпей чабат тура. Анткени кечееги гүлдөп турган гүлдүн бүгүн соолубай турушуна эч ким кепилдик бере албайт экен. Жашоодо канчалык жакшы болуп, өз күч аракетиң менен башкалардан өзгөчөлөнүп турсаң жарыктык менен ошончолук тез коштошот экенсиң. Себеби кече күнү жарык чачып турган чырак, майы түгөнүп бүгүн күйбөй калгандай эле, адам баласы да кечээ […]
Жарыгын чачпай калган чырак
08.11.2014 / Автор Orozaly2,227 Бардыгы /
Тагдырдын тамашасы эскертпей чабат тура. Анткени кечееги гүлдөп турган гүлдүн бүгүн соолубай турушуна эч ким кепилдик бере албайт экен. Жашоодо канчалык жакшы болуп, өз күч аракетиң менен башкалардан өзгөчөлөнүп турсаң жарыктык менен ошончолук тез коштошот экенсиң. Себеби кече күнү жарык чачып турган чырак, майы түгөнүп бүгүн күйбөй калгандай эле, адам баласы да кечээ бар, бүгүн жок болуп калат.
Мындан бир жарым жыл мурун үйүндөгү караңгылыкты шаңдуу күлкүсү, жарык чырайы менен жарыктандырып турган, АРИС программасынын АКТЕД Эл аралык уюмундагы кызматкери, асыл жар, мээримдүү эне Феруза Төлөнөва 31 жашында авто кырсыктын айынан бул дүйнө менен кош айтышкан. Артында кыздары Арууке, Айтумар жана уулу Султан балагатка жетпей туруп периштеси болгон энесинен айрылып, атасы менен жалгыз калышкан.
Өмүрлүк жолдошу Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу, “Замандаш-Современник” партиясынын областтагы координатору Панарбек Абдыкадыров болсо келинчегинин өлгөнүнө дагы деле ишенбей турганын айтат.
-Үйгө жарыгын чачып, жаркылдап күлүп турган келинчегимсиз калганыма азыр да ишенбей турам. Феруза балдарына мээримдүү эне, баардыгына боорукер, эч кимге жамандык каалабаган жан эле. Балдарым дегенде ичкен ашын, алдындагы ишин таштап койчу. Өз ишине ушунчалык кызыгуу менен аракет кылып, алдыга умтулат эле андай жан жашоодо чанда кездешсе керек. эң өзгөчөлүгү кайын журту менен менден дагы жакшы мамиледе болчу. Атам менен тил табышып, менин аткара турган иштеримди алдын ала пландаштырып, көйгөй болсо чечип, мага баарын даярдап турчу. Ушунчалык тырышчаак аял эле, дайыма алга умтулуп жүрчү…,-дейт жолдошу Панарбек ага.
Ал эми Феруза Төлөнованын жакын санаалаш-достору, бирге иштешкен коллегалары “Биздин эсибизде Феруза дайым жаш бойдон сакталат” дешип, 7-ноябрь туулган күнүнө карата эскерүү кечесин өткөрүштү.
Мында Феруза айымдын бир туугандары, достору, бирге иштешкендери жана үй-бүлөсү анын турмушта басып өткөн жолун, жеткен ийгиликтери, жашоого болгон тырышчаактыгын айтып эскеришип, куран окушту.
Апасы тууралуу жалаң гана жакшы сөздөрдү угуп туруп, “Апамдын басып өткөн жолу биздин келечегибиз” деген уулу Султан төмөнкүлөрдү билдирди.
-Апамды эскерип, жакшы сапаттарын, ишиндеги жетишкен ийгиликтери тууралуу жакын санаалаштарынан угуп ушунчалык толкундоодо турам. Анткени апам жаш болсо да артына өчпөс из таштап кетиптир. Жарыктыктагы ордун түбөлүктүү кылып түптөп коюптур. Биз бул менен жөн гана сыймыктанабыз. Апабыздын атын өчүрбөө үчүн апам каалагандай тартиптүү, ыймандуу, акылдуу балдар болууга аракет кылабыз.
Апамды сыйлап, арбагын урматтап келип, эскерип жаткан бүт жакындарына, досторуна, иштешкендерине ыраазычылык билдирем. Апамды биз эч качан унутпайбыз,- дейт уулу Султан.
Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “AYMAK.KG”
Автор Orozaly
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
01.12.2025 / Автор anarkan_kg ШАЙЛООНУН АЛДЫН-АЛА ЖЫЙЫНТЫГЫ. КИМДЕР ЖКга ДЕПУТАТ БОЛУП КЕЛЕТ?
-
20.01.2026 / Автор anarkan_kg АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУ ЖАНА БААЛАРГА КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨТҮЛҮҮДӨ
-
09.02.2026 / Автор anarkan_kg ӨЛКӨ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК 48 АВТОМЕКТЕП АЧЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.