Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
4,526 Бардыгы / Мындагы окуялар ойдон чыгарылган. Кокустан окшоштук болушу мүмкүн.Жармастандыктар чабарман эл. Кыбыраган жаны болсо эле болду секирип минип чаптырганга маш. Башканы кой жаңы баскан эле балдарын карап турсаң, ордунан эгерим козголуп көрбөгөн, аттай, төөдөй таштарды минип алышып, баскың деп теминип туршат. Байыркы заманда жөө эле жүрүшчү. Карап турушса улкунуп-жулкунуп бир үйүр жылкы кетип баратыптыр […]
4,527 Бардыгы / Мындагы окуялар ойдон чыгарылган. Кокустан окшоштук болушу мүмкүн.Жармастандыктар чабарман эл. Кыбыраган жаны болсо эле болду секирип минип чаптырганга маш. Башканы кой жаңы баскан эле балдарын карап турсаң, ордунан эгерим козголуп көрбөгөн, аттай, төөдөй таштарды минип алышып, баскың деп теминип туршат. Байыркы заманда жөө эле жүрүшчү. Карап турушса улкунуп-жулкунуп бир үйүр жылкы кетип баратыптыр […]
ЖАРМАСТАН: Коррупция тулпарым
04.12.2014 / Автор Orozaly4,528 Бардыгы /
Мындагы окуялар ойдон чыгарылган. Кокустан окшоштук болушу мүмкүн.
Жармастандыктар чабарман эл. Кыбыраган жаны болсо эле болду секирип минип чаптырганга маш. Башканы кой жаңы баскан эле балдарын карап турсаң, ордунан эгерим козголуп көрбөгөн, аттай, төөдөй таштарды минип алышып, баскың деп теминип туршат. Байыркы заманда жөө эле жүрүшчү. Карап турушса улкунуп-жулкунуп бир үйүр жылкы кетип баратыптыр дейт. Дароо эки-үчөөнө чалма ыргытып кармап алып, мөңкүтүп, туйлатып, чыңыртып башына жүгөн катып үйрөтүп туруп, ат кылып минип алышкан. Ошол аттары менен доорлорду чаңдатып жүрүп отурушуп ушул заманга келип отурушпайбы. Анан кызык болду. Эгемендик заманы келгени кайдан-жайдан келгенин ит билсинби, жал-куйругу төгүлгөн, туяктары кетмендей, көкүлү көзүнө ченеп керткендей коррупция деген тулпар пайда болду. “Кой, өзү келген турбайбы”-деп коррупция тулпарды абалкы салт боюнча алгач биринчи ажобузга мингиздик. Жарашып эле калды. Анан өзүнөн өзү эле тукумдап өсө берген неме экен калгандарын камчысын сыйлап депутаттарга мингиздик. Көп өтпөй сот-прокуратура, айыл өкмөт башчыларына чейин жалаң коррупция деген ат минип калышты. Атургай, демейде папкесин колтугуна кысып алып, кашка башын тырмап коюп, Жогорку окуу жайларына барып сабак берип жүрчү катардагы мугалим, профессор, академик дегендерге чейин коррупция деген тулпарлуу болушту. Дагы көп өтпөй Жармастанда минбеген киши да калбай калды. Себеби, андай атың болбосо сени менен эч ким сүйлөшпөйт.
Анан чуркайт экен да жаныбар. Анын жанында Тайтору быякта эле калат. Сыртынан карап турсаң оозунан көбүк атылып, даңканы көккө чачылып, ушундай бир алып учуп жөнөйт дейсиң…Бирок, кызыгы ордуңан эч жылбайсың…Анткен менен үстүнөн такыр түшкүң келбейт. Жерге түшсөң бүттү, тиги коррупция аты барлар сени каакы ордуна көрбөй коюшат…Ошентип, коррупцияны камчыланып отурган кербезибиз. Дагы жакшы 23 жылдын аралыгында 175 аттын соңунда элек, 136чы атка куйрук улаш келип калыптырбыз. Бизге окшоп коррупция тулпарын минбей эле, кылымдан келаткан өз аттарын мингендер алдыда кетип баратат. Чаңы түгүл караандары да көрүнбөйт. Тайторуну деле айкөл атабыздын ашына союп салдык эле, бу коррупция аттарын союп салалы десек, эмнегедир кол барбайт. Өзгөчө бийликте отургандардын колу барбайт. Алар өздөрүнүн коррупция аттарын сойбогондон кийин карапайым адамдар эмне кылмак?…Ошону менен баарыбыз коррупция тулпарын теминип чаап бараткан чагыбыз…Буюрса башка аттарды басып өтүп, 135-орунга келип калдык…Чү, дейли бурадарлар…
Темирбек Алымбеков
Автор Orozaly
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
26.04.2023 / Автор anarkan_kg ЖО БАЙДЕН ЭКИНЧИ МӨӨНӨТКӨ АТ САЛЫШАТ
-
03.05.2023 / Автор anarkan_kg МЕКТЕПТЕР АРАЛЫК СПАРТАКИАДА ӨТҮҮДӨ
-
23.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭАУнун 30 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН МААРЕКЕЛИК ИШ-ЧАРАЛАР
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.