Аймак

ЧЕХИЯДАН ЧАЙНА ЧАЙЫ

ЧЕХИЯДАН ЧАЙНА ЧАЙЫ

 1,454 Бардыгы /

Чаар же чыбыр ала болгон неме эмне болду экен деп коёт элем, ашканадагы жабандын үстүнкү такчасинин эшигин ачып-жапкан айрым учурда.

Бир күнү – кандай чай бар ыя, бир чай ичеличи деп караштырып жатып, бул эмне экенин көрөйүн десем эле – чай. Эптеп окумуш болсом чех чайы, – ии, десе муну апакеме алып келип бердим эле го, түк эсте жок, иче элек турбайбы же бекитип албай түйүнчөктөрүнүн арасына ушул жакка эле коюп койгон экен, деп сүйлөнө калдым.

Европадагы саякат учурунда керээли-кечке ой-талааны кыдырып жүрө берип, эртең кетем дегенде кып-кыргызча шашыла, кокууй, бир нерсе алып алыш керек эле деп, Прага шаарындагы Tesco супермаркетин ар кимден сураштырып, сөздөрүнө толук түшүнбөгөнүбүз менен колдорун жаңсап көрсөткөнү боюнча эптеп таап барып аралап жүргөндө -мэ, муну апаңа алып алсаңчы, көк чай ичеби, аларга көк чай эле жакшы деп, Прагада үч-төрт күн экөөбүз чогуу  жүрүп калган, мен Кыргызстанга келээрде ал Парижге саякаттап кете турган эжеке ал дебесе, ким билет, алат белем же фруктовый чайлар менен келе берет белем…

Бул дүкөндөн көзүбүзгө урунганын алып, эки колубузга жашыл-көк болгон прага баштыктарын араң көтөрүп, эптеп аялдамага жетип ушул эле остановка болуш керек деп бир аз шектене 9- трамвайга отуруп кетип жатсак эле Карл көпүрөсү көрүнө калып, даана тескери көздөй кетип жатканыбызды билип, – “бирден калган билеттерибизди чаптырып белгилебей эле коёлу, бир-эки остановкада текшербестир”- деп кыргызча катуу-катуу эле бакылдап, жол киресиз чоң тобокелде Влтава дарыясынын аркы өйүзүнө өтөрү менен түшө, кайра келе жаткан 9га чыга калып, отургучтар көздөн өтүп, бошторуна жүткүнүп отура калып, “Кудайым чоң сактады ээ, эч ким текшерген жок жана келе жатканыбызда”- деп бири-бирибизди бактылуу жылмая, кубана карай кужурашканыбызга трамвайдагы башка анча-мынчалардын өттө маданияттуулук таризиндеги көз кырлары менен биз тарапты билгизип-билгизбей карагандарына деле маани бергибиз келбей, кыпчылып-кысылбай эле зуулдаган бойдон отелибизге ошентип жетип барып, суй жыгылган comedy-комедияны да кыпчый кетпесем болбостур…

Ии, айтмакчы, бул дүкөндү дагы Замира  Кожобаева сиңдим телефон аркылуу менден кабар алып турган учурлардын биринде эскерте кеткен эле. Жакшы адамдардын шарапаты кайсы жерде болсо деле тие бергенин карабайсызбы. Кем болбо, Замирка!

Анан эми кой, иче берели деп өткөндө демдей койсок тим эле бир жакшы экен, жалбырактарынын баары сонун болуп жазылып, чайнектин чоргоосунан биздеги чайларга окшоп анча-мынча чамалары пиалага чуурулуп, чуркап тушпөйт чай да тунук болот экен өзүнчө.

Же чехче бир сөз билсемчи тың, дагы жакшылап сыпаттайын десем,  бирок кутунун сыртында “GUN POWDER sypany cay” жазууларын окуп, өзүмчө “Күнөстүү жердин сыпайы чайы” дегендей жоромолдой, кой Google-гугл досту бир карап, анан сүйлөйүн десем, чай төркүнү баягы эле чайна болуп чыкты, болгондо да тилди сындыра турган Чжэцзян провинциясынан, ал эми gun power- “жашыл бермет”түшүнүгүн берет экен.

Чехия өлкөсүнүн өзүм көрүп калган жашыл талааларында чындап эле чай бадалдары өстүрүлөбү же жокпу билбеймин, ошондуктан чайдын чийкилерин дүңүнөн алып келип кайра дайрдап чыгарса керек деп калдым, чех туугандар деле.

Бизде болсо климатка байланыштуу чай өстүрүлбөгөнүн, бирок бизге келген инди, грузин анан жаныбыздагы кошуна Өзбекстандын №95 чайын жакшы билебиз.

Азыр ушул текстти жазып жатып, ходунок-таяныч менен эки жакка тып-тып этип басып жаткан апакемен -илгери чай болбой калганда эмне ичет элеңиздер деп сурай койсом: – алма как, жаңгактын маңызын чай катары демдеп ичкен, адырда өскөн жапайы чай чөптөрдөн да терип, кургатып алган учурлар болгонун айтканча тыкылдаган бойдон ашкана тарапка түшкү чайын ичкени басып кетти. Шүгүр-шүгүр, деп коёлу бул жагын, буйруса

Сөз бир чай тууралуу болуп жатканы менен азыр биздин дүкөндөрдө деле чайдын түрү чачтан көп деңизчи. Ошентсе да бул мактай калган чайна-чех чайын дагы ичсек болот эле дегенде, кыргыздын чыгаан журналист кызы Замира Кожобаева “Азаттык” радиосунун башкы кеңсесине байма-бай каттаган учурларын пайлап туруп – оо, Замира эле Замира, чех чайынан ала кел эле, ал кел, – деп айта берсек болбосун эмнеге…

Чай ичип чер жазылгандай эле буйруса, жакшы ниеттер да орундалып турсунчу деги эле.

 

Зирек АСАНОВА, Бишкек шаары, 2020-жылдын 5-апрели

Маалымат булагы: 2019-жылдын октябры айындагы Европага саякаттан Бишкек-Прага-Бишкек.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17