Аймак

Жалал-Абад областынын прокуратурасы жыл жыйынтыгын чыгарып, кеңейтилген коллегия өткөрдү (фото)

 2,774 Бардыгы /

Бул коллегияга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын башчысы Нурлан Дүйшөмбиев,областтын прокурору Кылычбек Токтогулов катышты.
Анда областтык прокуратурасынын бөлүм башчысы Алтынбек Аттокуров Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Коргонуу Кеңешинин коррупцияга каршы күрөшүү багытында коюлган талаптары, Кыргыз Республикасынын прокуратурасы тарабынан органдарына коюлган талаптарды аткаруу максатында жүргүзүлгөн иш чаралар тууралуу маалымат берди

– Мыйзамдардын аткарылышна козөмөл жүргүзүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюча Жалал-Абад областынын прокуратура органдарынын иши белгиленген артыкчылыктуу багыттарга таянуу менен жүргүзүлдү,-деди А.Атокуров .
А.Аттокуровдун айтымында Жалал-Абад областын прокуратура органдары тарабынан 2014-жылдын 12 айында коррупцияга каршы аракетенүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен бардыгы болуп 343 ( былтыркы жылдын ушул эле мезгилинде карата 341) текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуучулуктар боюнча 497 (455) прокурордук актылар келтирилген.
Ал эми областтык прокуратуранын оперативдик иштерге жана тергөөгө көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Максат Мурзабеков дун маалыматы боюнча , катталган кылмыштын ичинен 565и оор жана өзгөчө кылмыштар болгон. Жалпы катталган кылмыштуулуктун саны мурдагы жылга салыштырмалуу 98 кылмышка көп катталган. Ошол эле учурда оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны мурдагы жылга салыштырмалуу 27 кылмышка аз катталган.
2014-жылдын 12 айында Жалал-Абад областтык укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрү тарабынан жалпы 2029 кылмыш иш бүткөрүлсө, мунун ичинен 1619 адам айыпталган 1335 кылмыш иш соттун кароосуна жиберилген, өндүрүштөн 666 кылмыш иш кыскартылып, 1104 кылмыш иш өндүрүштөн токтотулган.
Бүткөрүлгөн кылмыш иштердин ичинен 695 кылмыш иштин тергөөсүнүн мөөнөтү бузулуп бүткөрүлсө, мунун ичинен 614 кылмыш иш өндүрүштөн жандандырылгандан кийин бүткөрүлгөн кылмыш иштер болуп саналат.

Жалал-Абад областтык прокуратуру органдары тарабынан аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндөгү мыйзамдуулукка көзөмөл жүргүзүү багыты боюнча бардыгы болуп, 1234 текшерүү жүргүзүлуп, анын жыйынтыгы менен 496 каршылык билдирүү, 602 ченемдик укуктук актылары четтетүү жөнүндө сунуш, 647 талап, 85 алдын ала эскертүү берилген, 400 тартиптик же административдик ондүрүш иштери козголуп, келитирилген прокурордук чара актылардын негизинде тартиптик жоопкерчиликке 757 кызмат адамы кириптер болушкан.
Ошондой эле, жыл ичинде 108 кылмыш иш козголгон.Ал эми келтирилген прокурордук актылардын негизинде 6 621 261 сом мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.
Жалал-Абад областынын прокуратура органдары тарабынан 2014-жылдын 12 айында жашы жете электер жөнүндөгү мыйзамдарынын аткарылышынын көзөмөлдөө боюнча жалпысынан 197 текшерүү ал текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен ченемдик укуктук актылардын бузулушун алдын алуу максатында 13 (11) 5,05% жолу эскертүүлөр берилип, тартиптик өндүрүш же административдик укук бузуулар боюнча 11 (6) 4,28% өндүрүш иштери козголгон. Келтирилген прокурордук актыларды кароонун негизинде тартиптик жоопкерчиликтерге 243 (180) жана административдик жоопкерчиликке 8 (6) кызматчы адам тартылган.

Орозалы Карасартов, Aymak.kg.










Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17