Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,303 Бардыгы / 2014-жылдын 24-январында Жалал-Абад ОИИБнын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин демилгеси менен уюштурулуп, «Мекеним менин-Кыргызстан!» аттуу чоң профилактикалык иш-чаранын алкагында «Биз биргебиз!» деген ураандын алдында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак балдар үйүндө «Ачык эшиктер күнү» болуп, тегерек столу өткөрүлдү.Бул өткөрүлгөн иш-чарага мектептин окуучулары, мугалимдери, Айыл округ башчылары, жергиликтүү […]
2,304 Бардыгы / 2014-жылдын 24-январында Жалал-Абад ОИИБнын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин демилгеси менен уюштурулуп, «Мекеним менин-Кыргызстан!» аттуу чоң профилактикалык иш-чаранын алкагында «Биз биргебиз!» деген ураандын алдында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак балдар үйүндө «Ачык эшиктер күнү» болуп, тегерек столу өткөрүлдү.Бул өткөрүлгөн иш-чарага мектептин окуучулары, мугалимдери, Айыл округ башчылары, жергиликтүү […]
Жалал-Абад милициясы балдар үйүндө «Ачык эшиктер» күнүн өткөрдү
26.01.2014 / Автор Orozaly2,305 Бардыгы /
2014-жылдын 24-январында Жалал-Абад ОИИБнын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин демилгеси менен уюштурулуп, «Мекеним менин-Кыргызстан!» аттуу чоң профилактикалык иш-чаранын алкагында «Биз биргебиз!» деген ураандын алдында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак балдар үйүндө «Ачык эшиктер күнү» болуп, тегерек столу өткөрүлдү.
Бул өткөрүлгөн иш-чарага мектептин окуучулары, мугалимдери, Айыл округ башчылары, жергиликтүү депутаттар, ата-энелер, Кыргыз Республикасын дүйнөгө тааныткан дүйнөнүн жана өлкөнүн чемпиону болушкан спортчулар, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана Жалал-Абад ОИИБнын, Сузак РИИБнүн жетекчилери менен милиция кызматкерлери катышышты.
Алгач балдар үйүнүн директору Маматова Бегайым эже балдар үйүнүн абалы, окуучулардын жатак бөлмөлөрү, колдорунан жасалган буюмдары, ар кандай кесиптерге үйрөткөн кружоктору жана жашоо-шарттары менен тааныштырды.
Андан кийин Жалал-Абад ОИИБнын башчысы милициянын полковниги Ж.М.Жоробеков балдар менен таанышып, негизги максат балдарга жылуу мамиле менен көнүл буруу, жакын мамиледе болуп, ар бирин спортко, билимге жана жакшы тарбияга, мекенди сүйүүгө үндөп, коомчулук менен жалпы баарыбыз колубуздан келишинче жардамыбызды беришибиз зарыл – деп, белгилеп кетти.
Ар кандай спорттун түрүнөн дүйнөнүн чемпиондорун балдарга тааныштырып, алардын жетишкендиктерин айтып, жаш өспүрүмдөр үчүн биздин өлкөбүздүн атактуу спортчулары дайыма жаш өспүрүмдөргө үлгү жана аларга кумир болору баарыбызга сезилип турду.
Иш-чаранын жүрүшүндө атайын ток-шоу суроо-жооп иретинде уюштурулуп, окуучулар тарабынан тартууланган ыр-бийлердин коштоосунда жетекчи Ж.Жоробеков окуучулардын ар кандай суроолоруна жооп берип, кол чабуулар менен кызыктуу өтүп, жетекчи окуучуларга кыргыз тарыхына байланыштуу суроолорду берип, жакшы жооп берген окуучуларга белектерди тапшырып, ошону менен бирге жатак балдар үйүндө тарбияланып жаткан өспүрүмдөргө окуу куралдарын, дептерлерди, спорттук формаларды жана спорттук эмеректерди жана мектептин китепканасына «Кыргыздар» тарыхый 14 томдук жыйнагын белекке ыйгарды.
Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө спорттук оюндар улантылып, Жалал-Абад ОИИБнын ыкчам «СОБР» отряды күжүрмөн даярдык боюнча ыкмаларды көргөзүп, Жалал-Абад шаарынын № 9-гимназия мектебинин окуучуларынан түзүлгөн милициянын жол кайгуул-күзөт кызматынын жаш жардамчылары жол эрежелерин сактоо боюнча ыкмаларын көргөзүшүп окуучуларга тааныштырып кетишти.
Андан соң аталган балдар мектебинин окуучуларынан түзүлгөн «Ынтымак» жана «Достук» тайпаларынын ортосунда «Топ менен чуркоо», «Кап менен секирүү», «Аркан тартыш» жана башка сыяктуу кызыктуу спорттук эстафеталардын түрлөрүнөн мелдештер болуп өттү. Жеңген командаларга жана жалпы эле оюнга катышкан окуучуларга Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги дипломдор жана баалуу белектер менен сыйлады.
Баардык өткөрүлгөн иш-чараны профилактикалык максатта элге маалымат ирээтинде жеткирүү үчүн 7-теле берүү каналы тасмага түшүрүп көмөк көрсөткөнүнө ыраазычылык айтабыз.
Айта кетчүү нерсе, аталган балдар үйүндө атактуу акын, драматург жана котормочу Жоомарт Бөкөнбаев, көп деген атактуу инсандар билим алганы, 1933-жылы уюштурулганы жана азыркы күндө 63 жетим, жарым жетим жана ата-энесинен кароосуз калган балдар жана 78 айылдан келген өспүрүмдөр тарбияланып, алардын тартиптүүлүгү, тарбиялуулугу жана билимге, спортко умтулгандары баарыбызды сүйүндүрдү.
Бул өткөрүлгөн иш-чара өз максатына жетип, Жалал-Абад ОИИБгы тарабынан «Мекеним менин-Кыргызстан!» аталыштагы чоң профилактикалык иш-чаралар дагы улантылмакчы.
Акбермет Садыкова, “Аймак
Автор Orozaly
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
07.04.2025 / Автор anarkan_kg 7-АПРЕЛЬ – ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯДА КУРМАН БОЛГОНДОРДУ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ
-
11.04.2025 / Автор anarkan_kg ҮЧ-КОРГОН ГЭСИН РЕКОНСТРУКЦИЯЛОО ИШТЕРИ АКТИВЕШТИРИЛДИ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg Жакып МАМАЖАНОВ: “КЕҢИРИ ФОРМАТТАГЫ ЖОЛУГУШУУЛАРДЫ АКТИВДЕШТИРДИК!”
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.