Аймак

Алтын чөйчөктөгү жаңы мектеп

 4,816 Бардыгы /

Алтын чөйчөктөгү   жаңы  мектеп
Мектептин тарыхы
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн Ленин айылындагы мектеби алгач 1968-жылы Казарман орто мектебинин филиалы катары ачылып, анын башчылыгына Садырова Бубайша дайындалган. 1969-жылдан башталгыч мектеп,1972-жылдан сегиз жылдык мектеп, 1977-жылдан Ленин атындагы орто мектеп болуп 2000-жылдан баштап Иманберди уулу Исаны атын алып келет.
Алгач Ленин мектебинин курулушу Филиал болуп ачылганда 1968-жылы ошол мезгилде Ленин (азыркы Кожалиев) көчөсүндө алты класс-кабинеттүү №1 корпусу курулуп ачылган. 1971-1972-жылдары №2 корпусунда ал мезгилде батир үй катары тургундар кирип турушкан корпусту бошотуп, 8 жылдык мектеп кылып ачышкан. 1975-1976-жылдары Нарын областы Ленинград шаарына эт тапшырган. Ошол эт тапшыруу өнөктүгүнө Тогуз-Торо району сапаттуу эт тапшырып активдүү катышкандыгы үчүн сыйлык катары гранд менен ынгайлаштырылган щит жасалгасы менен имарат келген. Райондук партия комитетинин чогулушунун чечими менен гранд катары келген ынгайлаштырылган щит менен Ленин мектебинин №3 корпусу салынган.

Айгул Качкынова алгачкы класс жетекчи

Биринчи жолу 1-класска 16 окуучу эшик аттап,Айгул Качкынова класс жетекчи болуп окуучуларга тамга тааныткан. Ал мезгилде филиалдын алгачкы мугалимдери М. Исакова ,орус тили мугалими Г. Нопурбаева , Ж.Шыкматова,С.Жамангуловалар болушкан
Биринчи жолу 25 окуучу орто билимге ээ болушкан. Ошол окуучулурадын ичинен Ленин мектебинин алгачкы босогосун аттаган жана мектептин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн бүгүнку күндө алды Кыргыз Республикасына жана өрөөнгө таанымал.
Алар: Тынчтыкбек Чекиев Кыргыз Республикасынын айыл жана суу чарба министрлигинин аппарат жетекчиси,Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администация башчысы,Нарын облусунун губернатору болуп иштеди. Бейшенбек Сасиев Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары,райондук социалдык фонд болумунун башчысы кызматтарын аркалаган. Райондук,айылдык кенештердин депутаты болуп шайланган.Айчурок Кыдыршаева врач, Гулжамал Шайнаева алдынкы мугалим,Жумагазы Молдокадыров белгилүү ишкер, Максатбек Осмоналиев «Эмгектеги артыкчылыгы учун »медалынын ээси, Нарын облусунун прокуратура бөлүмүнд ө улук прокурор. .Кылычбек Нусупбеков Кыргыз Республикасынын Социалдык фонддун торагасынын биринчи орун басары болуп иштеп учурда ,Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун окуу борборунун директору кызматында. Съездбек Абдылдаев экономика илимдеринин кандидаты, Расул Султангазиев медицина илимдеринин кандидаты,Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери, Г. Султангазиева. райондук мамлекеттик администрациясынын орун басары
Алтын чөйчөктөгү   жаңы  мектеп

Зангыраган мектеп, жашы шарттар

Мектепте учурда кундо жалпы 40 мугалим эмгектенет. Жалпы окуучулар-335. Мектеп 2 кабаттуу, 375 окуучулук орундан турат. 15 класс, 4 кабинет, 1 актовый зал бар. Айланасы темир тор менен тосулган, жылуулук системасы, от жагуу жана кошумча электр булагы менен ишке ашырылат..Жылытуу системасы ичине киргизилип орнотулган.

Иманберди уулу Иса атындагы орто мектебинин жаны имараты- 49957.5 миң сомго курулуп, өткөн жылдын ноябр айында пайдаланууга берилген. Мектептин курулушу 13 жылда бүттү. Алгач 2001-жылдан баштап пайдубалы ашар жолу менен башталган. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Чокморовдун демилгеси менен М. Исакованын ишти уюштургандыгы менен ашар иши колго алынган. Ошол мезгилде ашар ишине чон салымдарын кошкон атуулдарыбыз Б. Сасиев, Б. Иманбердиев, С. Кочорбаев, М. Эпеев, Ж. Жаналиев, жана жалпы айылдын эли кол кабыш кылып, малын союп, азыктарын алып келишип, пай дубалдын ордун казышып жардам беришкен. Ашар менен бир жарым миллиондук иш бүткөн. Андан кийин курулуш токтоп 2007-жылдан баштап курулуш кайрадан уланган. Ошол учурдагы райондук мамлекеттик администрация башчысы аким Таалайбек Омурбек тегин, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы А. Султангазиев, райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы С. Садыков, Иманберди уулу Иса атындагы орто мектебинин директору Ш. Токоевдин демилгеси, жеке ишкер Т. Сатыбалдиевдин күчү менен мектептин курулуш ишин башталган. Кийин Т. Сатыбалдиев агайдын ордуна уулу К. Тагайбеков ишти улантып 2013-жылдын 12-ноябрында мектепти ишке берди.
Алтын чөйчөктөгү   жаңы  мектеп
Мектептин ачылышына чон салымдарын инсандар райондук мамлекеттик админстрация башчысы –акими 60 мин сомго интерактивдуу доска сатып берди. Ошондой эле Кыргыз Макмал Алтын концеринин директору жана райондук Макмал алтын кен комбинатынын директору демөөрчүлүгү менен бир электрондук доска берилип, бир мугалим бекер окуп келгени жатат. Акимдин жана райондук билим берүү бөлүмүнун демилгеси менен мектепке 30 туп карагай, 30 туп сосна отургузулду М. Сасиеванын демилгеси менен Макмал алтын кен комбинатында иштеген айыл тургундары мектептин экинчи кабаттагы залын жасалгалоо учун 60 миң сом демоорчулук кылышты.

Алтын чөйчөктөгү   жаңы  мектеп
Метеке аты коюлган Иманбердиев атанын үй-бүлөсү мектепке атанын айкелин 100 000 сомго тургузуп жана 30 000 сомду музейин кайрадан жасалгалоо учун демөөрчүлүк кылышты. Тогуз – Торо айыл округунун башчысы Рахатбек Кыйбатбекович 40 миң сомду тузгон скамейка менен камсыз кылып , өкмөттүн аппараты 10 миң сом колдоо корсотту.Райондон чыккан прокурор Осмоналиев Съездбе Максат Максат уулу экөө окуучулардын заманбап окуу каражаты менен камсыз кылуу максатында мектепке 90 000 сомдук интерактивдуу доска проектору менен алып келип жана информатика кабинетин жасалгалап беришти. Ошентип алыскы Тогуз-Торо районунда заңгыраган мектепте жакшы түзүлгөн шарттар менен окуучуларыбыз иштеп жатат.

Гүлзада Шайыкова, мектептин директору

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17