Аймак

Ала-Бука районунда Жаштардын ынтымагы –Мекендин ынтымагы» деп аталган иш чара өтүү (фото)

 8,681 Бардыгы /

Ала-Бука  районунда    Жаштардын ынтымагы –Мекендин ынтымагы»   деп аталган иш чара өтүү (фото)

2014-жылдын 27-январь күнү Ала-Бука районунундагы маданият үйүндө Ала-Бука РИИБнүн жана Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигинин демилгеси менен жалпы жаштарга жана өспүрүмдөргө арналган «Мекеним менин-Кыргызстан!» аттуу профилактикалык иш-чаранын алкагында, «Жаштардын ынтымагы –Мекендин ынтымагы», «Жаштар-кылмыштуулукка каршы!» деген ураандын астында чон жолугушуу жыйыны болуп өттү.
Жолугушунун максаты: Ала-Бука районундагы 2013-2014-окуу жылындагы алдынкы окуучуларды үлгү катары иш алып баруу менен жаш өспүрүмдөр арасында укук бузуучулуктун алдын алып, окуучуларды адептүүлүккө, тартипке жана мекенчилдикке тарбиялоо болду.
Анализди карап көрсөк, 2013-жылдын 12 ай ичинде Ала-Бука районунда жалпысынан өспүрүмдөр арасында 6 кылмыш иши катталып, 12 өспүрүм катышышып, алардын 9 мектеп окуучулары.
Быйылкы жылдын башталышында дагы өспүрүмдөр арасында 1 кылмыш иши катталууда. Белгилей кетсек,
-2014-жылдын 12-январь күнү Ала-Бука райоунун борбордук базарында, Ала-Бука айылынын № 1-Балтагулов жана Сары-Талаа айылынын № 3-Орозалиев атындагы орто мектептеринин окуучулары топ болуп өз ара уруша кетишип, Ала-Бука айылынын тургуну, 1996-ж.т Ош шаарынын медициналык колледжнин 2-курсунун окуучусу Тилебай уулу Ж. № 3-Орозалиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу, 1996-ж.т Тилек уулу Анын бутуна бычак менен сайып жиберип жаракат алып, мушташта ушул эле мектептин 11-классынын окуучусу, 1996-ж.т Пайызкулов Н. денесинен жаракат алып ооруканага жаткырылган. Бул боюнча азыркы күндө алдын ала тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Жыйынга Ала-Бука районунун акими Кулуев А.Р. баштаган Ала-Бука райорнунун активдери, Ала-Бука РИИБнүн башчсы милициянын полковниги Байчиев А.О, айыл өкмөт башчылыры, айыл аксакалдары, дин өкүлчүлүктөрү, мектептин директорлору, жаштар, аялдар комитеттери, массалык-маалымат каражатынын өкүлдөрү жана мектеп окуучулары болуп 300гө жакын адам катышышты.
Жыйында Ала-Бука районунун акими Кулуев А.Р. сөз сүйлөп, өз сөзүндө жаш өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан алыс болуп, Мекенди сүйүүгө чакырып, алардын билимге кызыгуусун арттыруу менен Ала-Бука районунун өнүүгүсүнө жаштардын салымы чон экендигине токтолуп өттү.
Ала-Бука РИИБнүн башчысы милициянын полковниги А.Бийчиев жаш өспүрүмдөр арасында былтыркы жылы Ала-Бука районунун аймагында жүз берген кылмыштардын маалыматы менен тааныштырып, жаштарды кылмыштуулукка барбоо, кылмыштын акыркы жыйынтыгы темир тор аркасына алып келерин түшүндүрүп, мектеп окуучуларын ынтымакка, достукка чакырып, аларга райондук милиция кызматкерлери тарабынан ар жуманын ишемби күндүрү атайын спорттук мелдештер, укуктук багыттагы атайын жолугушуулар жана башка кызыктыруучу иш чаралар уюштуруларын баса белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө «Кылмыш жана жаза» деген темада 20 минуттук слайд-шоу көрсөтүлдү. Андан кийин райондун прокурору, билим берүү бөлүмүнүн башчысы, айыл округдарынын башчылары, айыл имамы жана айыл аксакалдары сөз сүйлөшүп, балдардын ынтымактуу болууга, биримдикке чакырышты.
Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөргө «Эркин микрафон » берилип, мектеп окуучулары өз ой-пикирлерин, сунуштарын райондун жетекчилерине айтып өтүштү.
Сунуштардын эң орчундуусу болуп мектеп окуучуларынын арасында маданий жана спорттук иш-чараларды көбурөөк өткөрүп, өспүрүмдөрдүн бош убактыларын туура пайдалануу менен мындай иш-чараларды райондук, областтык денгээлде өткөрүп туруу жагы белгиленди.
Өспурумдөр арасында өткөрүлгөн мындай кадамдар негизинен окуучулардын билим алуу ынтызарлыгын жогорулатып, алга умтулууларына дем берери шексиз.
Жыйындын сонунда мектеп окуучуларынын чакан концерттик программасы тартууланды.
Ушуга окшогон «Мекеним-менин-Кыргызстан!» аталыштагы чон профилактикалык иш-чаралардын алкагында өспүрүмдөр менен жолугушуулар башка райондордо дагы улантылмакчы.

Атай Аралбаев,Ала-Бука району

Ала-Бука  районунда    Жаштардын ынтымагы –Мекендин ынтымагы»   деп аталган иш чара өтүү (фото)
Ала-Бука  районунда    Жаштардын ынтымагы –Мекендин ынтымагы»   деп аталган иш чара өтүү (фото)
Ала-Бука  районунда    Жаштардын ынтымагы –Мекендин ынтымагы»   деп аталган иш чара өтүү (фото)
Ала-Бука  районунда    Жаштардын ынтымагы –Мекендин ынтымагы»   деп аталган иш чара өтүү (фото)
Ала-Бука  районунда    Жаштардын ынтымагы –Мекендин ынтымагы»   деп аталган иш чара өтүү (фото)
Ала-Бука  районунда    Жаштардын ынтымагы –Мекендин ынтымагы»   деп аталган иш чара өтүү (фото)
Ала-Бука  районунда    Жаштардын ынтымагы –Мекендин ынтымагы»   деп аталган иш чара өтүү (фото)
Ала-Бука  районунда    Жаштардын ынтымагы –Мекендин ынтымагы»   деп аталган иш чара өтүү (фото)

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17