Аймак

Данияр ТАЖИБАЕВ: “ЭЛЕТ ӨНҮКСӨ, ӨЛКӨБҮЗ ДАГЫ ӨНҮГӨТ!”

Данияр ТАЖИБАЕВ: “ЭЛЕТ ӨНҮКСӨ, ӨЛКӨБҮЗ ДАГЫ ӨНҮГӨТ!”

 1,524 Бардыгы /

         Данияр ТАЖИБАЕВ дегеле жөн-жай жүргөнүн мен таптакыр көрө элекмин. Ноокат районуна караштуу Токтомат Зулпуев атындагы Айыл Өкмөтүнүн башчысы кыштактарды түрө кыдырып, элеттиктердин муң-зарын жеринде дыкаат тыңдап жүргөн маалда жолуктуруп, ай-буйга келтирбестен эле капыл-тапыл кепке дагы тарттык.

  • Данияр мырза, Сиз Ноокат шаарынын мэри сыңары эч камчы

салдырбастан гана иштеп жаттыңыз эле. Анан кийин эмнегедир Бийлик айдыңынан таптакыр көрүнбөй кеттиңиз. Эмнеге?

  •  Туура баамдапсыз. 2021-2022-жылдарда Ош облусундагы Ноокат

шаарынын вице-мэри, анан мэри сыңары үзүрлүү гана эмгектендим. Эң башкысы: артымдан бир дагы жаман сөз ээрчиткен жокмун! Ошогезде мамлекеттик кызматерлердин сынагына дагы катышып, кадрлардын атайын резервине кошулуп койдум эле.

         2022-жылдын 15-февралында Ноокат районунун акими Данир Иманалиев мени өзүнө чакырып Токтомат Зулпуев атындагы Айыл Өкмөтүнүөн башчылыгына дайындап, буга улай эмгек жамаатына өзү ээрчитип барып тааныштырды. Ошондон бери түйшүгүгм түмөндөдү, чынын айтайынчы, түгөнбөдү. Моминтип дагыле ары-бери чапкылап гана жүрөмүн.

  • Деги ушул тапта кайсыл көйгөйлөр Сиздердин кендириңиздерди

куп гана кесип, айлаңыздарды таптакыр эле курутуп жаткан чагы?

  • Ноокат районуна караштуу Токтомат Зулпуев атындагы айыл

өкмөтүндө деле жерлерди мыйзамсыз ээлеп алышкандар арбын экен. Ошондуктан, булардын арасында түшүндүрүү жараянын ого бетер күчөттүк. Анткени, Президентибиз Садыр Жапров мындай ээн баштарды кылмыш жоопкерчилигинен биротоло бошотуп таштабадыбы. Мындайча айтканда, кечиримдүүлүк кылып мунапыс жарыялабадыбы. Демек, алар эми ээлеген жерлерин сөзсүз түрдө мыйзамдаштырып, а түгүл колдоруна Кызыл Китеп алуулары тийиш!

  • Айтылуу Алмалык анклавынын тагдыры азыр деги кантти экен?
  • Абдан туура баамдапсыз. Алмалык анклавынын – айылынын деле

тагдыры, албетте, абат эмес! Өзү бул кыштак юридикалык жактан биздин айыл өкмөтүбүзгө гана  карайт. Тилекке каршы, калкынын 30 пайызы Ноокат районунун эсебинде турушат. Ал эми 70 пайызы Ош шаарында катталышкан. Ошентип, мындайча айтканда, айыл арабөк жолдо калыптыр.

         Мен айыл өкмөт башчылыгына дайындалган бир жарым жылдын аралыгында Алмалыкка ичилүүчү таза суу куурларын тарттырып жатамын. Жакын арада бул маселе биротоло жана биржаңсыл жайгарылат. Заманбап бакчаны ишке киргиздик. Ошентип, анклавга ФАП дагы салдыртып жатабыз.

  • Баса, Сиздер Союз маалындагыдай күтүрөтүп мал күтпөй,

тизилтип тамеки деле экпей калыпсыздар. Сыягы, каржы маселеси күч окшойт?

  •  СССР империясынын тушунда тамеки бизде куп гана эгилет эле.

Тилекке каршы, “сары алтын” наркы рынок шартында ыраса төмөндөдү. Ошондуктан, дыйкандарыбыз аны таптакыр эле экпей калышпадыбы.

         Дал ушунун кеспетинен жумушсуздук дагы бара-бара күчөп, ички жана тышкы миграция ыраса калыңдады. Мунун кесепетинен мал күткөндөр уламдан улам сээлдеди. Элетте көбүнэсе кары-картаңдар. анан аларды карашкан анча-мынча жаштар гана калышты. Булар тегиз дыйканчылыкка оошуп, буудай, жүгөрү, картөшкө, анан багбанчылык кылышып малина, клубника жана алма өндүрүшкөнгө гана бекем ыкташты.

  • Сиз деги Токтомат Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн болочогун

кандайча элестетесиз?

  • Чынын айтайынчы. Биздин дараметибиз өтө эле жогору. Демек, абдан

гүлдөп-өсүүгө  шансыбыз абдан чоң! Эң башкысы: элет өнүксө, андан ары өлкөбүз дагы сөзсүз өнүгөт.

  • Данияр мырза, соңку тапта аймактарды ирилештирүү, мындайча

айтканда, чакан айыл өкмөттөрүн чоңдоруна бириктирүү жараяны ырааттуу жрчүдөй түрү бар. Сиз ушуга кошуласызбы?

  • Менимче, Ноокат районундагы Зулпуев, Мирмахмудов, Гулистан жана

Караташ айыл өкмөттөрүн Ноокат шаарына кошуп, аны ирдентип, калкынын саны 100 миң кишиден куралган чопчоооң шаарга айландыруу максаты бар. Албетте, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, биз бул демилгени дегеле саясатташтырбашыбыз кажет! Анткени, Аймактарды кошуу-ирилештирүү – бул бүгүнкү мезгилдин кечиктирилгис талабы!

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

         Данияр ТАЖИБАЕВ 1979-жылдын 17-августунда Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Көтөрмө кыштагында туулган. Билими жогорку. Ош мамлекеттик университетинин юриспруденция адистигин аяктаган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

         Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17