Аймак

Азизбек ШАМУРАТОВ: “ОН-ЭКИ-БЕЛ ЭМИ ЧЫНДАП ӨНҮГӨТ!”

Азизбек ШАМУРАТОВ: “ОН-ЭКИ-БЕЛ ЭМИ ЧЫНДАП ӨНҮГӨТ!”

 1,377 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Он-Эки-Бел айыл өкмөтүндө Кыргыз Өкмөтүнүн “Социалдык контракт” программасы абдан ийгиликтүү гана жүзөгө ашырылууда. Ушуга улай АРИС программасына ылайык жергиликтүү дыйкандар дагы окутулуп, талааларга жапжаңы сорттогу жүгөрү, пияз жана помидор эгилип, алардан кыска мөөнөттө мол, ошондой эле сапаттуу түшүм жыйноого деле өбөлгө түзүлүп олтурат. Муну Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Азизбек ШАМУРАТОВ деле кабарчыбызга курган маегинде ачык моюндады.

-Азизбек мыза, дагыле дотациядан чыга элексиздерби? Анда киреше булагыңыздар деги эмнелерден куралат?

-Ооба.  Он-Эки-Бел айыл өкмөтү дагыле дотациядан бошоно элек. А биздин мындай мүмүкүнчүлүгүбүз дагы жок! Анткени, жылдык бюджетибиз араң 15 246 миң сом. Мындан тышкары аймагыбыздагы ишканалардан жана соода түйүндөрүнөн ай сайын 2 миллион 97 миң сом зорго топтолот.

-“Социалдык контракт” мамлекеттик программасына ылайык канча үй-бүлөгө пособиенин ордуна 100 миң сомдон таратылды? Баса, бул каражаттар негизинен кандай      максаттарга жумшалып жаткан чагы? Анан дагы мунун натыйжасы бар бекен?

-Кыргыз Өкмөтүнүн “Социалдык контракт” прогарммасына ылайык мал чарбачылыгы менен алектенишкен – 13, тактай тилүүчү көчмө устаканага – 1, ачкычтарды жаоочу устаканага – 2, заманбап айнек көшөгө тигүүчү – 1, балдар дүкөнүн иштеткен – 1 ишкерибизге 100 миң сомдон ыроологонбуз. Булардын айрымдары ушул тапта айыл өкмөтүбүзгө караштуу бала бакчаларды эң эле сапаттуу сүт азыктары жана дагы айыл чарба продукциялары менен туруктуу камсыз этип жатышат.

-Мөмө-жемиштерди өндүргөнгө дагы шартыңыздар өтө ыңгайлуу экен?

-Ооба. Көз тийбесин!  Бирок, буларды дайыма бир калыпта сактоо

башыбызды куп гана оорутуп келатты эле. Жеке ишкерибиз Алмаз Сыранов АКШнын ЮСАИД прогаммасынын колдоосуна арзып, наркы 16 миллион сомдук сыйымдуулугу 200 тонна мөмө-жемиш сактоочу кампа курууда. Бул ишке түшүрүлсө, жыргап эле калабыз го… Анан дагы заман талабына жараша түрдүү сок чыгаруучу цех дагы ачмак элек. Анын курулушу 6 миллион 400 миң сомго бааланган. Тилекке каршы, буга керектүү жабдыктарды сатып аллууга тендер жарыяладык эле. Биринчи туру атаандашы жок өтпөй калды. Эми экинчи турун жарыялап, каттоочулардын арбын болушун Кудайдан тилеп гана олтурабыз.

-Коңшубуз Кытайдын тамчылатып сугаруу ыкмасын эмнеге урунбай келатасыздар?

-Кантип? Нарай айылынын тургуну Асылбек Маматалиев 5 гектар жер сураган эле. Ал бул кайракы аянтта тамчылатып сугаруу  ыкмасын колдонууну демилгелеген. Аракети  дароо колдооо таап олтурат. Ушуга эле улай Шорон тилкесинде Бердалы Сагыналы уулу дагы 2 гектар жерди тынымсыз өздөрштүрүп жаткан маалы. Бул жапжаңы аянттар тамчылатып сугарылып, малина жана помидор көчөттөрү олтургузулду.

-Азизбек мырза, Он-Эки-Бел айыл өкмөтүн өнүктүрүү программасы бардыр? Муну ырааттуу түрдө жүзөгө ашырууга деле каржы жана Адам ресурстарыңыздар жетиштүүдүр?

-Ооба. Он-Эки-Бел айыл өкмөтүн 2023-2026-жылдар аралыгында социалдык-экономикалык жактан ырааттуу өнүктүрүү программасы бекитилген. А түгүл заман талабына жараша буга түзөтүүлөр жана өзгөртүүлөр киргизилип тураары дагы шексиз.

Буга улай  эң ириде айыл өкмөтүбүздүн калкын туруктуу жумуш менен камсыз кылууга биздин аракетибиз абдан күч! Андан ары күн тартибинен али түшө элек Азык-түлүк коопсуздугуна дагы өзгөчө басым жасамакчыбыз.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

Маектешибиз Азизбек ШАМУРАТОВ 1987-жылы 3-январда Ноокат районундагы Бел-Өрүк айылында туулган. Билими жогорку – юрист. Келинчеги Чынара Атажанова – СЭС кызматкери. Экөөлөп бир уулу, бир кызды тарбиялап жатышат.  

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17