Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,591 Бардыгы / Адамга эң кыйыны – күн сайын Адам болуу! Чыңгыз АЙТМАТОВ. Сөз сүйлөгөнчө – сенин кулуң, бирок ал сүйлөнгөндөн кийин – сен ал сөздүн кулусуң! Жусуп БАЛАСАГЫН. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл өкмөтү Кыргызстандын Түштүк башкалаасына жакын-ирегелеш, мындайча айтканда, дээрлик тогуз жолдун тоомунда гана жайланышкан. А мында жалаң […]
1,592 Бардыгы / Адамга эң кыйыны – күн сайын Адам болуу! Чыңгыз АЙТМАТОВ. Сөз сүйлөгөнчө – сенин кулуң, бирок ал сүйлөнгөндөн кийин – сен ал сөздүн кулусуң! Жусуп БАЛАСАГЫН. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл өкмөтү Кыргызстандын Түштүк башкалаасына жакын-ирегелеш, мындайча айтканда, дээрлик тогуз жолдун тоомунда гана жайланышкан. А мында жалаң […]
Аскарбек АХМАТОВ: “ДОТАЦИЯДАН БОШОНУУ АРАКЕТИБИЗДИ АКТИВДЕШТИРДИК!”
12.09.2023 / Автор anarkan_kg1,593 Бардыгы /
Адамга эң кыйыны – күн сайын Адам болуу!
Чыңгыз АЙТМАТОВ.
Сөз сүйлөгөнчө – сенин кулуң, бирок ал сүйлөнгөндөн кийин – сен ал сөздүн кулусуң!
Жусуп БАЛАСАГЫН.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл өкмөтү Кыргызстандын Түштүк башкалаасына жакын-ирегелеш, мындайча айтканда, дээрлик тогуз жолдун тоомунда гана жайланышкан. А мында жалаң гана өз кесибинин нукура устаттары эмгектенишкендиктен, Айыл Өкмөтүнөн эртели-кеч Адам аягы үзүлбөйт. Ошондуктан, биз дагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Аскарбек АХМАТОВду эптеп кармап, андан ары капыл-тапыл кепке тарттык.
–Аскарбек мырза. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бир жылдык бюджети негизи эмнелерден куралат?
-Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жылдык бюджети 39,4 миллион сом. А мунун 11,5 миллион сому, тактап айтканда, 29,1 пайызы мамлекеттик бюджеттен, 22, 2 миллион сому, же 56,6 пайызы жергиликтүү бюджеттен, анан калган 5,6 миллион сому, же 14,3 пайызы ата-энелер взносунан гана куралат. Анткени, айыл өкмөтүбүз дагыле 29,1 пайыз мамлекетте дотацияда олтурат.
–Дегиңкиси дотациядан чыгуу аракетиңиздер деле байкалбайт ко?
-Кантип? Дотациядан биротоло бошонуу максатында жеке ишкерлер –ата мекендик инвесторлор менен иштешүү аракетибизди абдан активдештирдик. Азырынча жергебизге 1 миллион 100 миң сомдук инвестиция тартылып, эки ишкана (тигүү цехи, пескоблок чыгаруучу цех) ачылып, ишке түшүрүлдү. Аймагыбызда жалпы жонунан 17 мөнөр жай ишканасы үзгүлтүксүз гана иштеп жатат.
–Мына. күз күчүндө. Эми көздү жумуп-ачкыча кыш деле баш багат. Деги ызгаарга карата камылгаңыздар кантти экен?
-55 гектарга – күздүк буудай, 168 гектарга – жаздык арпа, 433 гектарга –дандык жүгөрү, 812 гектарга – пахта, 35 гектарга – жашылчаларады, 3 гектарга – бахча өсүмдүктөрүн, 150 гектарга – беде эккен элек. Ушул тапта кылкандуу дан эгиндерин коромжусуз жыйноо жараяны абдан кызыды.
Мындан тышкары экономика тармагын жана жергиликтүү калкыбызды күз-кыш мезгилине дыкаат даярдоо максатында бюджеттик мекемелерди 177 тонна көмүр менен толук кандуу камсыздоо үчүн сатып алуулар порталына жарыя берилип, акырында 1 миллион 62 миң сомдук келишим дагы түзүлдү.
–Баса, “Социалдык контракт” системасы үзүрүн берчүдөйбү?
-Ананчы! Аз камсыз этилгендиктен, мамлекет казынасынан үзгүлтүксүз гана жөлөк пул алып жүрүшкөн 24 жараныбызга социалдык контракттын негизинде 100 миң сомдон таратылган эле. Мынча каражаттар, албетте, ушул тапта өз максатында гана пайдаланылып жаткан чагы. Анткени, бул контракттын аткарылышын ай сайын социалдык маселелелр боюнча адистерибиз тыкыр текшеришип жана тынбай көзөмөлдөп дагы турушат. Буга эле удаа социалдык контракттын ээлерине керек кезде кеп-кеңеш дагы берип келатышат.
–Биздин байкашыбызча, ички жолдорду катарынан оңдоп-түзөп, көчөлөрдү дагы кыдырата жарыктандырып жатыпсыздар го?
–Айылдарыбыздын бүт ички көчөлөрүнө дээрлик шагыл төгүлүп, андан ары бүтүндөй тегизделди. Ал эми Жылкелди жана Ак-Таш айылдарына сапаттуу гана асфальт басылды. Жергиликтүү бюджеттен 214,2 миң сом ажыратылып, таптакыр эскирген аялдамалардын ордуна заманбап стилдеги аялдамалар орнотулду. Ош-Кара-Суу автожолунун бизге караштуу бөлүгү асма шамдар менен жарыктандырылды. Бул ушул тапта автокырсыктын азайышын гана шарттап олтурат.
–Аскарбек мырза, таза суу дагыле башыңыздарды оорутпай эле турабы?
-Ооба. Ак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу беш калктуу конуштун дээрлик 94,6 пайызы ичилүүчү таза суу менен камсыз этилген. Ал эми таза суу жете элек кыштактарды дагы ичилүүчү таза суу менен камсыз этүү максатында айыл өкмөтүбүздүн алдында “Ак-Таш – таза суу – Эл байлыгы” муниципалдык ишанасы жергиликтүү бюджеттин, жеке ишкерлерибиздин жана элдин салымы аркасында бир катар алгылыктуу жумуштарды аткарып жаткан маалы. Ошентип, бул өңүттө беш суу кампабыз такай калк кызматында. 8720 метрге жаңыдан суу түтүктөрү тартылды. Ал эми ичилүүчү сууну сарамжалдуу жанга үнөмдүү пайдалануу иретинде кардарларыбызга эсептегичтер дагы орнотулду.
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Т аш Айыл Өкмөтү беш кыштактан куралган. Бул жергени төрт улуттун өкүлдөрү байырлашат. 11 миңден ашуун калкы бар. СССР маалында 1961-жылы бул аймак атактуу Коммунизм колхозу болуп уюшулган. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүгүн жарыялагандан соң Ак-Таш айыл өкмөтү сыңары калыптанган. Аймакта 2 орто мектеп, 5 балдар бакчасы, бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана жалгыз ФАП бар.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
09.10.2023 / Автор anarkan_kg КАРА-СУУДА БООР ЖАНА БӨЙРӨКТҮ ТРАНСПЛАНТАЦИЯЛОО БОРБОРУ АЧЫЛАТ
-
-
25.10.2023 / Автор anarkan_kg ТҮНДҮК-ТҮШТҮК КОШУМЧА ЖОЛУ 2024-ЖЫЛЫ ТОЛУГУ МЕНЕН БҮТКӨРҮЛӨТ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.