Аймак

Маматкерим АТТОКУРОВ: “БЫЛТЫРКЫ ЖЫЛДЫН УШУЛ МЕЗГИЛИНЕ САЛЫШТЫРГАНДА. КЕРЕКТӨӨЧҮЛӨР ТАРАБЫНАН ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ АБДАН КӨП КОЛДОНУЛУУДА!”

Маматкерим АТТОКУРОВ: “БЫЛТЫРКЫ ЖЫЛДЫН УШУЛ МЕЗГИЛИНЕ САЛЫШТЫРГАНДА. КЕРЕКТӨӨЧҮЛӨР ТАРАБЫНАН ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ АБДАН КӨП КОЛДОНУЛУУДА!”

 1,557 Бардыгы /

Ушул мезгилге карата Ош электр тармактары ишканасына караштуу Ош шаардык электр энергирясын сатуу мекемесине 656678.8 миң кВт электр энергиясы келип түштү. А бул көрсөткүч өткөн жылдын дал ушул мезгилине салыштырганда электр энергиясы 48915,6 миң кВТ саат көп колдонулду дегенди туюндурат. Ал эми мунун себебин биз Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесинин жетекчиси Маматкерим АТТОКУРОВдон сурамжыладык.

-Маматкерим мырза, Сиздер электр энергиясын кардарларга мамлекеттик баада сатып жатасыздар да. А азыр жагдай кантти?

-Ооба. Ушул мезгилге карата Ош шаарында электр энергиясы 48915,6 миң кВт саат арбын урунулду. Салыштыралычы? Сатылган товардын-продукциянын (электр энергиясынын) жалпы көлөмү былтыр ушул мезгилге карата 981964,6 миң сом эле. Ал эми быйыл бул көрсөткүч 806015,3 миң сомду чапчыды. Демек, кардарларыбыз электр энергиясын биз мерчемдегенден 175949,3 миң сомго көп урунушту.

– Ал эми жоготуулар катталды бекен?

– Ананчы! 20213-жылдын 1-сентябрына карата дебитордук карыз 354790,5 сомду чапчыды. 2022-жылдын 31-декабрында жалпы деибтордук кары 309347,6 сомду чендесе, быйылкы жылдын башында ал дээрлик 45442,9 миң сомго өстү. Мындай тенденция жалгыз Ош шаардык жылуулук камсыздоо муниципалдык ишканасына гана тиешелүү. Анткени, аталган ишкана жыл башынан бери бизге таптакыр төлөм жүргүзө элек. Булардын биздин ишканыбызга карызы дээрлик 108931,4 миң сомго жетти, эй!

– Өзү негизинен кайсыл ишкана-мекемелер Сиздердин

кызматыңыздардан куп гана пайдаланышып, тилекке каршы, акыңыздарды төлөбөй гана келатышат?

-Ош электр тармактары ишканасына караштуу Ош шаардык электр энергирясын сатуу мекемесине Ош шаарындагы өндүрүштүк ишканалар – 28405,9 миң сом, айыл чарба ишканалары – 1456,7 миң сом, бюджеттик  мекемелер – 3522,9 миң сом, ал эми коммерциялык ишканалар 13650 миң сом, мындан тышкары активдүү пайдаланууучуларыбыз – калк өзү – 54752,2 миң сом карыз.

– Ошондуктан  туруктуу кардарларыңыздарга электр энергиясын акылдуу эсептегичтерди орнотпой белеңиздер? Бул Сиздерге тиешелүү жабдыктарды таптакыр өчүрүп таштаганыңыздарга дагы чоң мүмкүнчүлүк жаратмак?

– Туура! Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо Банкынын (ЕРӨБдүн) долбоорунун алкагында биздин ишканабыз кардарларыбыздын электр эсептегичтер жабдыкетарын көрүнүктүү жерлерге орнотуп, атайын щиттерге өзүнчө бекитилди. Мындай аракетибиз 59,7 пайызга гана аткарылды. Мындайча айтканда, 35 көп кабаттуу үйлөргө жана дагы 10 531 жеке батирлерге дал ушундай акылдуу электр эсептегичтерин жайгаштырдык. Буга деле көзөмөл абдан күч! Мөөнөтү өткөн, же бузулуп калган 2698 электр эсептегичтер дароо эле жаңыланды.

– Баса, карыздарды Сиздер деги кантип өндүрүп жатасыздар?

– 2183049 сом карызы бар 60 керектөөчүбүздү сот органдарына аргасыздан тапшырдык. А булардын 36сы жеке керектөөчү 1290604 сом, ал эми 24 керекчтөөчүбүз – ишкана-мекеме 892 445 сом карыз. Ушул күнгө карата булардан 659656 сом дебитордук карыз дээрлик өндүрүлдү.

– Маматкерим мырза, Сиздерди какшаткандар карызын төлөшпөсө, Сиздер дагы акыркы жана аргасыз кадамды жасап, булардын электр энергиясын дароо өчүрүп таштабай белеңиздер?

– Мындай ыкманы биз дагы айлабыз таптакыр куруганда пайдаландык. Мисалы, жыл башынан бери дебитордук карызы арбын 4968 кардардын электр энергиясын өчүрүп, аны берүүнү таптакыр токтоттук эле. Алар карызын дароо эле жоюшпадыбы.

          Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17