Аймак

Максатбек СИДИКОВ: “ДИН ЖОЛУНДА АДАШКАНДАР ДЭЭРЛИК ТЫЙЫЛДЫ!”

Максатбек СИДИКОВ: “ДИН ЖОЛУНДА АДАШКАНДАР ДЭЭРЛИК ТЫЙЫЛДЫ!”

 10,567 Бардыгы /

Айтылуу Араван өрөөнүндө диний экстремисттик агымдарга азгырылып, а түгүл террорчул топторго дагы кошулуп Сириядагы согушка үй-бүлөсү менен катышкандардын аягы дээрлик тыйылды. Мунун чоо-жайын биз Араван районунун мусулмандарынын казысы –  баш имам-хатиби Максатбек ИДИКОВдун сурамжыладык.

-Максатбек мырза, ассалому алейкум! Ушул тапта жалаң  мусулмандар гана байырлаган ак алтын жергеси Араванда диний акыбал деги кантти экен?

– Во алейкума салам! Акыбалыбызды сураштырып келгениңизге Аллах ыраазы болсун! Ток этээр жерин айтканда, Араван районун жалаң гана мусулмандар байырлашат. Башка диндегилер бизде дээрлик жок. Ошол себептүү тынч-аманбыз! Кут даарыган жергебизде стабилдүүлүк гана өкүмүн сүрүп келатат.

– Араван районунда жалпы жонунан канча мечит бар?  Булардын баары тең мамлекттик каттоодон өткөрүлгөнбү? Жел бул өңүттө дагыле проблема барбы?

– Араван жергесинде 143 мечит бар. А булардын тогузу гана мамлекеттик каттоодон дагыле өтө элек. Анткени, аталган мечиттерди каттоого дегеле мүмкүн эмес! Себеби, булар бүт трансформацияланбаган жана дагы кызыл сызыктуу (мыйзамсыз) аянттарга курулуп калыптыр.

– Баса, аравандык айрым мусулмандар кээде диний экстремисттик жана дагы терррорчул агымдардын тилине азгырылып, согуш кызуу жүрүп жаткан Сирияга дейре үй-бүлөлөрү менен барышып, чоң казатка катышышкандыгы ашкереленбедиби. Дегиңкиси, адашкандарга кандай катаал чаралар көрүлүп жаткан маалы?

– Мындай жаман жышаан акыркы кезде дээрлик тыйылды. Адашкандын айыбы жок эмеспи. Андайларды мыйзам чегинде жана кеп-кеңеш аркылуу биз бир ыктай теске салдык.

– Дагыле калк аралап, эл арасына түшүндүрүү жана ынандыруу жараянын күчөттүңүздөрбү?

– Ооба. Дин кызматкерлерибиз айылма-айыл кыдырып, карапайым калкыбызга психологиялык жактан такай көмөк көрсөтүп келатышат. Буга улай мекендештерибиздин диний түшүнүктөрүн агартуу жана дагы калыптандыруу менен дагы алекпиз!

– Сиз дин жолунда адашкандардын соттолуп, андан ары түрмөгө камалашына деги кандайча карайсыз?

– Ар канда жаман жоруктун өзү алдын алуубуз кажет! Кыргыз бекеринен айтпайт да. “Жоо кеткенден кийин, кылычыңды ташка чап!” Дин жолунда адашкандарды окутуп-чокутуп, түшүнүгүн андан ары ого бетер кеңейтип, көзүн ачсак, алар деле пенде, жаңылыштыгын моюндап, анан акыйкат жолуна сөзсүз түшүшөт, эй.

– Баса, башка диндегилер менен мамилеңиздер жайындабы?

– Араван районун жалаң гана бир өңчөй мусулмандар байырлашат. Башка диндегилер бизде жок! Ошону үчүн көйгөйлөрүбүздү биз ыкчам жайгарып келатабыз.

– Максатбек мырза, Баш мыйзамыбызда жазылгандай, Кыргызстанда динди жарандар эркин тутунушат. Бирок, мамлекет Дин комиссиясын түзүп, Сиздерди үзгүлтүксүз гана көзөмөлдөп, мындайча айтканда, тизгиндеп туруусуна кандайча карайсыз?

– Ооба. Кыргызстан жарандары расасына, социалдык акыбалына карабастан каалаган динин тутунушат. Мында эч кандай чектөө жок! Ал эми Дин комиссиясы – бул мамлекеттик мекеме. Булар биз менен тыгыз кызматташып, а түгүл дин аалымдарын окутуп, өлкөбүздө туруктуу стабилдүүлүк орношуна гана өбөлгө жаратып келатат.

Араван районунун мусулмандарынын казысы -  баш имам-хатиби Максатбек ИДИКОВ кабарчыбыз Алишер ТОКСОНБАЕВге интервью берип аткан маалы__3.heic

          Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17