Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,516 Бардыгы / Соңку тапта Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөрдү илгиртпестен гана пайдаланып, үстөккө-босток инвестиция тартуу аракети абдан активдештирилди. Мунун эсебинен бир катар олуттуу маселелер дагы жеринде эле жана өтө ыкчам чечилип жаткан чагы. Бул туурасында Кара-Кулжа районунун акими Дамир КУЛУБАЕВ кабарчыбызга курган маегинде деле жашырган жок. -Дамир мырза, биздин баамыбызда, акыркы мезгилде […]
1,517 Бардыгы / Соңку тапта Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөрдү илгиртпестен гана пайдаланып, үстөккө-босток инвестиция тартуу аракети абдан активдештирилди. Мунун эсебинен бир катар олуттуу маселелер дагы жеринде эле жана өтө ыкчам чечилип жаткан чагы. Бул туурасында Кара-Кулжа районунун акими Дамир КУЛУБАЕВ кабарчыбызга курган маегинде деле жашырган жок. -Дамир мырза, биздин баамыбызда, акыркы мезгилде […]
Дамир КУЛУБАЕВ: “КЫСКА МӨӨНӨТТӨ КАРА-КУЛЖА РАЙОНУНА 353 МИЛЛИОН 930 МИҢ СОМ ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТТЫК!”
19.09.2023 / Автор anarkan_kg1,518 Бардыгы /
Соңку тапта Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөрдү илгиртпестен гана пайдаланып, үстөккө-босток инвестиция тартуу аракети абдан активдештирилди. Мунун эсебинен бир катар олуттуу маселелер дагы жеринде эле жана өтө ыкчам чечилип жаткан чагы. Бул туурасында Кара-Кулжа районунун акими Дамир КУЛУБАЕВ кабарчыбызга курган маегинде деле жашырган жок.
-Дамир мырза, биздин баамыбызда, акыркы мезгилде Кара-Кулжа жергесинде айыл өкмөттөрү тарабынан аймактарга байма-бай инвестиция тартуу жагы дадил жолго коюлуптур го?
-Абдан туура баамдапсыздар. Биз ыкшоолукка абдан ыктаган айыл өкмөт башчыларын тынымсыз ишке салып, сырттан жана ичтен инвестиция тарттырууга өтө бекем ыктадык. Мына, ушул аракетибиздин натыйжасы! Караңыздарчы? Ушул мезгилге карата жергиликтүү бийликтер тарабынан районубузга дээрлик 353 миллион 930 миң сом инвестиция тарттык. Бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 283 миллион 83 миң сомго көптүк кылат дегенди ачык туюндурат.
-Баса, тартылган инвестициянын басымдуу бөлүгү кандай максаттарга сарпталып жатты экен?
-Районубуздагы Чалма айыл өкмөтүнө караштуу Буйга айылына 0,450 мВт чакан ГЭСти 25 миллион сомго тикеледик. Анан дагы жаратылышы абдан кооз Капчыгай айылынын Токтош тилкесине заманбап эс алуучу жай курулуп, буга “Юг-Эко-Хант” ЖЧКсы 25 миллион сом сарптап жаткан чагы. Ал эми Алайкуу айыл өкмөтүнүн тургундары паспорт алуу үчүн жыл бою район борборуна убара чегип катташып, өлө эле кыйналышчу. Ошондуктан, жергиликтүү бюджеттен 8 миллион 60 миң сом, ал эми Ош облусун өнүктүрүү фондунан 2 миллион 351 миң сом ажыраттырып, Көк-Арт айылында жарандарды паспорттоштуруу жанга калкты каттоо бөлүмүнүн имаратын тикелеп жатабыз. Сауд Арабиясынын өнүктүрүү фонду 67,4 миллион сом сарптап, Алайкуу өрөөнүндөгү таптакыр эскирген Жусуп Мамыр атындагы орто мектебин заманбап тикелөөгө катуу киришти.
-Менимче, таза сууга зар айылдардан Сиздер деле куру эместирсиздер. Бул өңүттө деги канттиңиздер?
-Ушул тапта калкыбызды ичилүүчү таза суу менен камсыз кылуу аракетибиз дагы абдан күч! Дүйнөлүк Банк каржылап, Кызыл-Жар айыл өкмөтүндө 49 миллион сомдук таза суу системасы сапаттуу курулуп жаткан чагы. А чындыгында, районубуздун калкынын 82 пайызы гана таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз этилген. Бирок. 13 айылыбызга дагыле таза суу түйүнү тартыла элек. Дал азыр биз бул маселени жайгаруунун үстүндө абдан катуу иштеп жатабыз.
-Кара-Кулжа районунун өзүнүн өнүктүрүү фонду бар да? Анын каражаттары канакей?
-Ушул күнгө карата Кара-Кулжа районун өнүктүрүү фонду тарабынан жалпы жонунан 27 долбоор пландаштырылган. Булардын он бири инфратүзүм багытында, он экиси социалдык өңүттө. Ал эми дагы төртөө экономикалык гана багытты көздөйт. Булардын жалпы наркы – 28 миллион 359.5 миң сом. Баары тең Кара-Кулжа районун өнүктүрүү фондунун Байкоочулар Кеңеши тарабынан биротоло жактырылды. Ушул тапта 10 долбоор колдоо таап, аларды игийликтүү жүзөгө ашырууга дээрлик 13 миллион 700 миң сом ажыратылды.
-Санариптештирүү агартуу тармагында кашаң жүрүп жатканадай?
-Жо-жок! Бүгүнкү күндө районубузда 54 жалпы билим берүүчү мектеп, жалгыз мектептен тышкаркы мекеме жана 44 мектепке чейинки блим берүү уюмдары – бакчалар бар. 15 975 окуучуга 1426 мугалим үзгүлтүксүз билим жана тарбия берип атышат. Районубуздагы бардык билим берүү журттары интернетке туташтырылып, баары тең санариптештирилген. Мунун натыйжасында быйыл 1794 окуучубуз электрондук вариант аркылуу гана биринчи класска кабыл алынып олтурат.
-Дамир мырза, Кара-Кулжа – тоолуу аймак. Андыктан, кыш дагы эртелеп баш багат. Деги ызгаарга камылгаңыздар кантти экен?
-Районубузда ушул тапта 54 мектеп бар. Булардын 27си кыш бою көмүр, анан дагы алтоо электр буу казаны, 21и электр жылыткычтары менен жылууланат. 44 балдар бакчасы деле дал ушундай тартипте жылытылат. Ошондой эле №29- жана №109-кесипчилик- технгикалык окуу жайларына (КТОЖдорго) 50 тонна көмүр толук бойдон жеткирилди. Буюрса, быйылкы кышта окуучуларыбыз таптакыр үшүшпөйт!
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими Дамир КУЛУБАЕВ 45 жашта. Бишкек шаарында туулган. Аталган кызматка дайындалганга чейин Каржы министрлигинин алдындагы бюджеттик кредиттерди башкаруу агенттигинде башкаруу адиси сыңары иштеген. 2009-жылы ОшМУнун юридикалык институтун бүтүргөн. 2010-жылы ӨКМдин Панфилов райондук бөлүмүнүн башчысы, 2012-жылы Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин жетектөөчү адиси, бир жылдан кийин Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башкы тескөөчүсү сыңары эмгектенген. Ошондой эле 2013-жылдын 4-ноябрынан тартып эки жыл Чүй облусунун Панфилов райондук мамлекеттик акимчилигинин аппаратын дагы жетектеген. Ушудан соң 2017-жылга чейин Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин стат-катчысынын милдетин аткаруучу, министрдин кеңешчиси болгон. 2017-жылдын 7-июнунда Чүй облусунун Панфилов районунун акими болуп дайындалып, районду бир жыл башкарган.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
-
26.05.2023 / Автор anarkan_kg ВИЦЕ-МЭР НУРДАН ОРУНТАЕВ УКМКДА СУРАК БЕРҮҮДӨ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.