Аймак

Нурбек ЖОЛДОШОВ: “МИЛДЕТТЕР ТОЛТУРА. БИРОК, АНЫ АТКАРУУ УЧУН КАРАЖАТ ТАРТЫШ!”

Нурбек ЖОЛДОШОВ: “МИЛДЕТТЕР ТОЛТУРА. БИРОК, АНЫ АТКАРУУ УЧУН КАРАЖАТ ТАРТЫШ!”

 2,574 Бардыгы /

          Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айыл өкмөтү

 Ош облусундагы “Эң мыкты айыл өкмөтү” деп таанылып, эми республикалык алдыңкы Аймактардын сынагында дагы ат салышып жаткан чагы. Ошол себептүү аталган айыл өкмөттүн башчысы Нурбек ЖОЛДОШОВду капыл-тапыл кепке тарттык.

  • Нурбек мырза, ичилүүчү таза суу жана дагы сугат суу маселелери

өлкөбүздө дагыле олуттуу көйгөйгө айланган чагы. Бул өңүттө Сиздерде деги акыбал кантти экен?

  • Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн Шаркыратма, Сай, Ылай-Талаа

айылынын №6- жана №9-бөлүмдөрү булактан аккан таза суу менен, ал эми Ылай-Талаа айылынын борбордук №2-, 3-. 4-, 5- жана дагы 7-бөлүмдөрү, Жыл-Кол кыштагы, Сай айылынын Котур-Дөбө, Ак-Талаа, Кара-Таш тилкелери атайын насос аркылуу тартылган таза суу менен гана камсыз этилген.

          Дал ушул тапта Кара-Кулжа райондук өнүктүрүү фондуна Сары-Таш айылын таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорубузду өткөрдүк. Ошентип, районубуз боюнча калктын дээрлик 95 пайызы ичилүүчү таза сууга эми жарыды. Ал эми сугат суу жаатында токтолсок, Тар дарыясында насостук бекет ишке киргизилип, бул аркылуу керектөөчүлөр жетиштүү суу менен тегиз камсыз этилди.

  • Айылдар арасындагы ички жолдор оңдолуп, а түгүл

таштандылардан деле биротоло арылып жатыпсыздапр?

  • Ананчы! Сиз абдан туура баамдапсыз. Көз тийбесин! Ылай-Талаа

Айыл Өкмөтүнүн ички жолдору катарынан оңдолуп, ал эми таштандылар атайын жайларга гана жеткирилип жаткан маалы. Быйыл жергиликтүү бюджеттен 350 миң сом ажыратылып,  Ылай-Талаа, Сай, Жыл-Кол. Шаркыратма жана Сары-Таш айылдарынын ички жолдоруна бүтүндөй шагыл төшөлдү. Буга улай Сай айылынын 3,1 чакырым жолу асфальтталды. Кой-Сары, Каманчы, Ойгум тилкелерине таман таш басылды. Мындан тышкары көчөлөр дагы бүт толук бойдон жарыктандырылды.

          Ал эми элетти аймакты таштандыдан өз убагында гана арылтуу максатында айыл өкмөтүбүздүн курамында Ылай-Талаа-Тазалык муниципалдык ишканасын 2021-жылы уюштурган элек. Ал эми 2022-жылы Кара-Кулжа райондук өнүгүү фондуна долбоор жазып, тапшырдык эле. Демилгебиз дароо колдоо таап, 550 миң сомго заманбап КАМАЗ автоунаасын сатып алдык. Бул транспортубуз жума сайын эки күн айылдарды чекесинен түгөл кыдырып, таштандыларды чогултат. Андан ары акыр-чикирлерди атайын бөлүнгөн жайга гана жеткирип төгүп дагы турат. Албетте, Ылай-Талаа Айылдык Кеңешинин токтомуна ылайык ар бир кожолук ай сайын 50 сомдон акыр-чикир үчүн акча дагы төлөшөт.

  • Ата Мекендик жана Эл аралык донор уюмдар, ошондой эле

меценаттар менен деле иштешип жаткандырсыздар?

  • Айыл Өкмөтүбүздүн аймагында 3 спорт зал, жалгыз маданият үйү, 6 ат

майданы, бир жабык типтеги футбол аянтчасы, Алике баатыр атындагы күрөшкө машыктыруучу залы бар. Булар үзгүлтүксүз гана иштеп жатышат.

          Республикалык түрткү берүүчү гранттын эсебинен Жыл-Кол айылындагы М. Ибраимов атындагы толук эмес орто мектепке капиталдык ремонт жасалды. Ал эми республикалык бюджет аркылуу Арыкбай Осмонов атындагы орто мектептин жылытуу системасы бүтүндөй жаңыланды. Мындан тышкары Эл аралык РЭРСИКО Уюму Ж. Айтбаев атындагы орто мектептин ашканасын заманбап жаңылап, а түгүл жетиштүү азык-түлүк дагы сатып берди.

          Былтыр айыл өкмөтүбүзгө 29 896 424 сом инвестиция тартканбыз. Ал эми быйыл 44 652 880 сомдук инвестиция тартууну мерчемдедик эле. Натыйжада бул максаттарыбыз дээрлик чекесинен орундалып гана баратат.

  • Нурбек мырза, жакынкы арадагы план-максаттарыңыз кандай?
  • Электр энергиясына көз карандылыктан биротоло кутулуу максатында

Жыл-Кол айылынын Рават тилкесине чакан ГЭС курмакчыбыз. Назаров атындагы толук эмес  орто мектептин имаратын дагы жаңылайбыз. А. Осмонов,  Ж. Айтбаев жана Ж. Ибраимов атындагы билим берүү журттарына спорттук залдарды куруп жатабыз. Ал эми ички жолдорго асфальт дагы төшөйбүз.

          Айтор, милдеттерибиз толтура. Бирок, буларды толук аткаруу үчүн каржы булактары  дээрлик тартыш! Ошондуктан, ички жана тышкы мүмүкүнчүлүктөрүбүздү – инвесторлорду тынымсыз издөө менен алекпиз. Баса, акыры мындай аркетибиздин берекети болот ко деген терең ишеничтебиз!

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

          Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа Айыл Өкмөтүнүн башчысы Нурбек ЖОЛДОШОВ бул кызматка Айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан 2021-жылдын 9-июнунда төрт жылга шайланган. Кыргыз мамлекетттик курулуш жана архитектура Университетинин инженер-курулушчу адистигин бүтүргөн. /ч кыз, эки уулдун атасы. Жубайы Дарыйка АМАНКУЛОВА Кара-Кулжа районундагы Өмөш Абдылдаев атындагы орто мектепте география сабагынын мугалими.

          Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17