Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,495 Бардыгы / Ушул тапта Кара-Кулжа районунда кыш өз өкүмүн өтө катуу жүргүзүп жаткан чагы. Сырт ашкере суук, а кар дагы калың. Бирок, элибиз “Жаз камын кышта көр!” дешет эмеспи. Ошондуктан, Кара-Кулжа райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Кубатбек ОСМОНОВду жумуш үстүндө эле кармап, капыл-тапыл кепке тарттыке. – Кубатбек мырза, Кара-Кулжа районуна быйыл кар калың жаап […]
1,496 Бардыгы / Ушул тапта Кара-Кулжа районунда кыш өз өкүмүн өтө катуу жүргүзүп жаткан чагы. Сырт ашкере суук, а кар дагы калың. Бирок, элибиз “Жаз камын кышта көр!” дешет эмеспи. Ошондуктан, Кара-Кулжа райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Кубатбек ОСМОНОВду жумуш үстүндө эле кармап, капыл-тапыл кепке тарттыке. – Кубатбек мырза, Кара-Кулжа районуна быйыл кар калың жаап […]
Кубатбек ОСМОНОВ: “КАРА-КУЛЖА ЖЕРГЕСИНДЕ СУГАТ СУУ ТАРТЫШ. ЗАМАНБАП КАНАЛГА МУКТАЖБЫЗ!”
25.12.2023 / Автор anarkan_kg

1,497 Бардыгы /
Ушул тапта Кара-Кулжа районунда кыш өз өкүмүн өтө катуу жүргүзүп жаткан чагы. Сырт ашкере суук, а кар дагы калың. Бирок, элибиз “Жаз камын кышта көр!” дешет эмеспи. Ошондуктан, Кара-Кулжа райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Кубатбек ОСМОНОВду жумуш үстүндө эле кармап, капыл-тапыл кепке тарттыке.
– Кубатбек мырза, Кара-Кулжа районуна быйыл кар калың жаап койгонуна Сиздер абдан сүйүнүп жаткандырсыздар?
– Ананчы! Кыштын кыштай, кыздын кыздай болгону жакшы эмеспи. Анткеним, азыркы жааган кар эч тоңбойт. Жерге дагы тегиз сиңет. Анын натыйжасы – түшүм абдан эле мол болот.
– Деги өзүңүздөр тынч, а мал-калиңиздер аманбы?
– Кудайга шүгүр! Коо-Чаты кыштагында Үмүтбек Карыяев каатчылыкка карабастан топоз чарбасын ийгиликтүү гана өркүндөтүүдө. А анын тоют – ашы жетиштүү. Ал эми элдин колунда каралган мал-жан дагы түгөл. Кыш бул кебетесинде узакка созулчуудай. Ошентсе дагы, эли-журтубуз буга толук дапдаяр.
– Анан дагы малдын асыл тукумдуулугун артырууга камылгаңыздар дурус элеби?
– Албетте! Биздин районубузда үч фермердик чарбабыз бар. Булардын бири, биз жогоруда атаган /мүтбек Карыяев. Мындан тышары кой чарба багытындагы эки фермабыз бар. Булар дагы малдын асыл тукумдуулугун ого бетер арттырууга өзгөчө басым жасап жатышат. Мындан тышкары Капчыгайда бир жердешибиз кадимкидей эле аары багып, тоо балын өндүрүүнү өтө активдештирди. Мунун деле натыйжасы, албетте, жаман эмес!
– Кара-Кулжа бийик тоолуу район. Андыктан, аймакта эгин-тегин сугарганга суугат суу тартыш. Эми кантесиздер?
– Ооба. Жергебизде сугат суу дээрлик тартыш! Бирок, муну деле жайгаруу жолу бар экен. Маселен, жаңы жана заманбап канал куруу абзел! Албетте, бул чоң күчтү жана дагы олчойгон каражатты талып кылаары шексиз. Бүгүнкү күндө биз дал ушунун үстүндө гана катуу баш оорутуп жаткан чагыбыз.
– Кубатбек мырза, көздү жумуп-ачкыча эле жергебизге кайрадан жаз баш багат. Фермерлерге жана дыйкандарга быйыл дагы жеңилдетилген кредиттер таратылчудайбы?
– Бул маселе мамлекетибиз тарабынан дээрлик чечилген. Быйыл деле айтылуу Айыл Банк жана РСК Банктары аркылуу алты пайыз үстөгү менен гана кредит таратылат. Аны алуу абдан жеңил – кезек жок! Коррупция жана тааныш-билишчилик дээрлик тыйылган.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
25.05.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ РЕЖИМИ КИРГИЗИЛДИ
-
-
11.06.2025 / Автор anarkan_kg ТИЛЕК ТЕКЕБАЕВ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ КУРУЛУШ ОБЪЕКТИЛЕРИН КЫДЫРДЫ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.